Рус Кырг Eng

Атамбаев: президенттиктен кийин өкмөт башчылык кызматка барбайм

Атамбаев: президенттиктен кийин өкмөт башчылык кызматка барбайм

Атамбаев: президенттиктен кийин өкмөт башчылык кызматка барбайм

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчылыктан кеткенден кийин премьер-министр кызматына барбайт. Конституцияны өзгөртүү демилгеси анын өкмөт башчылыкка келүүсүнө жол ачкан демилге эмес. Бул тууралуу бүгүн Ысык-Көлдөгү “Рух-Ордо” комплексинде уюштурулган маалымат жыйында билдирди.

– Эгер мен кааласам, парламенттин катышуусу жок эле референдум уюштурмакмын. Премьер-министрлик кызматка баруум үчүн 300 миң кол чогултсам жетиштүү болмок. Анүстүнө мага аймактардан экинчи ирет президент болуумду суранган сунуштар келип жатат, – деген президент кийинки шайлоого катышпай турганын билдирди.

Мамлекет башчы Конституцияны өзгөртүү демилгеси – мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жасалып жатканын кошумчалады.

27-июлда Жогорку Кеңештеги төрт фракция Конституцияны өзгөртүү үчүн ушул күздө референдум өткөрүү боюнча демилге көтөрүп жатканы белгилүү болгон. Жарандык активисттер муну менен Атамбаев премьер-министрлик кызматка даярдык көрүп жатканын айтып чыгышкан. 

http://www.azattyk.org/a/27892178.html