Рус Кырг Eng

Видео: Депутатка диплом керекпи?

Депутатка диплом керекпи?
Жогорку Кеңеште депутаттардын милдеттүү түрдө жогорку билим алуусу маселеси талкууланууда. Жогорку Кеңештин депутаттыгына жогорку билимдүү жаран гана талапкер боло алат деген норманы мыйзамдардан алып салуу сунушталууда.

“Жарандык платформа” коомдук фондунун эксперттери “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоорун талдап, анын алкагында бул маселе эл аралык аренада кантип жөнгө салына турганын карап чыкты.