Рус Кырг Eng

“Жарандык платформа” КФ директору Усупбекова Айнура Максатбековна Жогорку Кенешинин 7 чакырылышынын депутаттарына арналган багыт берүүчү семинарда спикер-тренер катары катышып жатат, ал Чолпон Ата шаарында 2022 ж. 28-30 апрелине чейин өтүп жатат.

Багыт берүүчү семинардын жалпы максаты – жаңы шайланган депутаттардын Жогорку Кеңештин Аппараты менен макулдашылган жана ички укуктук системага, негизги эл аралык стандарттарга жана практикага шайкеш келген актуалдуу материалдык жана процедуралык маселелер боюнча билимин жана көндүмдөрүн жогорулатуу.

Киришүү семинары биринчи кезекте парламенттин депутаттарынын ролуна жана жоопкерчилигине, ошондой эле парламенттин негизги функцияларына жана ишмердүүлүгүнө, анын ичинде иш процесстери жана протоколдук, укуктук, ченемдик-укуктук жана процедуралык маселелерге багытталган. Ошондой эле, парламент мүчөлөрү Бириккен Улуттар Уюмунун өлкөдөгү ишмердүүлүгүнүн негиздери менен таанышат.

Семинар Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын (ПРООН) жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен өтүүдө.