Рус Кырг Eng

“Тыңшоо” мыйзамдуубу? “Жарандык платформа” коомдук фонду УКМКнын мыйзам чыгаруу демилгесинин анализин даярдады.

Жогорку Кеӊеште “Контрчалгындоо иши жөнүндө”  мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Сунушталган демилге коомдо бир топ талаш-тартыштарды жаратты. Кээ бирөөлөр мындай Мыйзам тышкы жана ички коркунучтардан коопсуздукту камсыздайт дегенге таянса, башкалары долбоордо көптөгөн кооптуу учурлар бар деген позицияны карманышат.

Эгерде мыйзам кабыл алынган болсо, УКМК кимдир-бирөөнү тыңшап, жакындап жаткан кылмыш тууралуу маалымат бар экенине шылтоолоп кат алышууларын ачууга укуктуу. Мындан тышкары, улуттук коопсуздук органынын кызматкерлери муну прокуратура менен соттун алдын ала уруксатысыз жасай алышат, бул КР Конституциясына жана эл аралык мыйзамдарга каршы келет.

УКМК өкүлдөрүнүн айтымында, мыйзам долбооруна экинчи окууда өзгөрүлөр киргизилет. Бул иште негизги маселе антиконституциялык нормалардын өзгөрүшүнө таасир этеби же алар кала береби…