Рус Кырг Eng

“Маалымат алуу укугу жөнүндө” жаңы мыйзам. Адилет министрлиги эмнени сунуштап жатат?

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги «Маалыматт алуу укугу жөнүндө» жаңы мыйзамдын долбоорун сунуштады, ал аракеттеги эки мыйзамды – «Маалымат алуунун кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө» жана «Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ээ болгон маалыматты алуу жөнүндө» мыйзамдарын алмаштырууга тийиш.

Маалымдама-негиздеме мыйзам долбоору ар бир адамдын маалымат эркиндигине болгон укуктарын коргоо, ошондой эле максималдуу маалыматтык ачыктыкка, маалымдуулукка жана айкындуулукка жетишүү максатында иштелип чыккандыгын көрсөтөт.

“Жарандык платформа” коомдук фондунун эксперттери “Маалымат алуу укугу жөнүндө” мыйзамдын сунушталып жаткан вариантын талдап чыгышты.