Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин экинчи окулушунда кабыл алынган шайлоо ченемдик-укуктук актыларына өзгөртүүлөрдүн киргизилишинин кабыл алынышына байланыштуу “Жарандык платформа” Коомдук фондунун көз карандысыз байкоочуларынын арызы
Кыргызстанда шайлоо ченемдик-укуктук актыларына өзгөртүүлөрдүн киргизүүнүн адеп-ахлаксыз практикасы шайлоо алдында көп учурларда саясатчылардын оюуну болуп калып жатат.
Ушул жылдын 17-майында, депутат Д.Бекешов башында турган депутаттардын демилгечи тобу аркылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйынынын экинчи окулушунда одоно бузуулар менен «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо» жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоорун кабыл алышкан.
Коомдук фонд “Жарандык платформа” төмөнкүлөргө көнүл бурат:
бул мыйзам долбоору, 2013-жылдын 22-майында, №109 номур менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында шайлоо тутумун өркүндөтүү боюнча иш-чаралар» жөнүндөгү указынын негизинде, Кыргыз Республикасында шайлоо тутумун өркүндөтүү боюнча Жумушчу тобунун ишмердүүлүгүнүн алкагында иштелип чыккан. Аталган указдын жаныланган курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 11-декабрындагы указы менен бекитилген.
Аталган жумушчу топтун курамына Жогорку Кенештин депутаттары, Президенттин Аппаратынын өкүлдөрү жана жетекчилери, Өкмөт Аппаратынын окүлү, шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын мүчөлөрү жана төрагасы, Жогорку соттун судьясы, Башкы прокуратуранын өкүлү, аткаруу бийлик органдарынын өкүлдөрү жана жетекчилери, саясий партиялардын жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү киришкен.
Аталган Президенттин указын ишке ашыруу алкагында, жумушчу топ, бардык кызыкдар мамлекеттик органдар, саясий партиялар, жарандык коомдун уюмдары жана туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кенеш менен биргеликте кен талкуу алып барып, 14 пункттан турган концепцияны камтыган жана Жогорку Кенештин депутаттары, жумушчу топ тарабынан сунушталган жогорудагы мыйзам долбоорун кабыл алышкан.
Бирок кыргыз парламенти экинчи окулуш режиминде, олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизген. Мындан анализ көрөсткөндөй, 31 сунуштун ичинен 11 сунуш биринчи окулушта кабыл алынган мыйзам долбоорунун концепциясынын рамкасынан чыгат
Ошондой эле парламент тарабынан «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин регламенти жөнүндө» Кыргыз республикасынын мыйзамынын 52-56 беренелери одоно бузулган.
Буга байланыштуу, КФ «Жарандык платформа», Кыргыз парламентинин мүчөлөрүнүн төмөнкүлөргө көнүл бурууга чакырат: бул мыйзам долбоору Кыргызстандын жарандык коомуна олуттуу коркунучтарды алып жүрөт жана адам укуктары боюнча улуттук жана эл аралык стандарттарга дал келбейт.
1)Депутаттар А.Назаров (“Кыргызстан” фракциясы), К.Баймуратов (“Республика-Ата Журт” фракциясы), М.Айнакуловдордун (“КСДП” фракциясы) сунушу боюнча бейөкмөт уюмдар тарабынан тийиштүү шайлоо комиссияларына жиберилген байкоочулардын статусун, кандидаттын саясий партиясынан байкоочу жана бейөкмөт уюмдардын коомдук байкоочулары деп эки топко бөлүү сунушталган.
Мындан алардын укуктары олуттуу түрдө бири-биринен айырмаланышат. Мыйзам чыгаруучу, БӨУ тарабынан жиберилген коомдук байкоочулардын укуктарын чектөөнү сунуштайт. Алардын шайлоо комиссияларына аккредитацияланышынан баштап, эркин ары-бери жүрүү жана кандай гана болбосун шайлоо участогунда, шайлоо комиссиясында болуу укугун чектейт. Анын ичинде, шайлоо органынын, андан жогору турган шайлоо органынын мүчөлөрүнүн чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) сотко даттануу укугун да чыгарып салат.
Бул жобо Көз карандысыз Мамлекеттердин Кызматташтыгына катышкан малекеттерде шайлоо укуктарынын жана эркиндигинин, демократиялык шайлоолордун стандарттары жөнүндөгү Конвенциянын 14-беренесинин 3-бөлүгүн бузат. Конвенция жалпыга таанылган принциптер жана эл аралык укук ченемдери Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун ажырагыс бөлүгү деп баяндалган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнүн күчүнүн негизинде, №185 2003-жылдын 1-августундагы Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен ратификацияланган.
2) Депутат М.Жеенчороевдин сунушу боюнча, Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер кандидаттын шайлоо фондунун түзүлүүсүн жөнгө салган, конституциялык мыйзамдын кандидаттын шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын көбөйүү өлчөмдөрү жазылган 54-беренеге өзгөртүү киргизүү сунушталат. Мында чыгымдардын чектелген суммасы чыгарылып салынат.
Буга байланыштуу, КФ “Жарандык платформа” кандидаттын жеке каражаттарынын эсебинен түзүлүүчү шайлоо фондунун суммасынын, ошону менен бирге кандидатка саясий партия тарабынан бөлүнгөн каражаттарды, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу салымдарын кескин түрдө жогорулатуу жөнүндөгү жобо, мүлктүк абалынын белгиси боюнча тенченемдүү дискриминациялык норма эмес деп белгилейт.
Мындан сырткары, биз төмөнкүлөргө көнүл бурабыз:кандидаттын шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен чыгымдоосунун чектелүү суммасын чыгарып салуу жөнүндөгү сунуш коомчулукта Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоолорду камсыздандырууга ыктыярдуу түрдө салым кошкон жеке жана юридикалык жактардын, саясий партиялардын, кандидаттардын каражат булактарынын келип чыгышынын мыйзамдуулугу жөнүндө терс пикирлерди жаратат.
3) Депутат М. Жеенчороевдин сунушу боюнча (“Республика-Ата Журт”фракциясы) саясий партияларга өтүүдөгү шайлоо порогун 7%дан 9%га чейин жогорулатуу сунушталып жатат.
Буга байланыштуу, КФ “Жарандык платформа” шайлоо порогунун жогорулашы, парламентке жаш партиялардын келишине тоскоолдук кылат ошону менен бирге жаны саясий күчтөрдүн саясий аренага чыгуусун кыйындаштырат.
Ошондуктан, шайлоо порогунун жогорулашы чон партиялардын саясий монополиясын бекитип, анын натыйжасында мамлекеттик бийлик узурпацияланышы мүмкүн, ошону менен бирге алсыз саясий партиялардын саясий аренадан четтетилишине алып келет.
4) Ошондой эле көнүл бура турган дагы бир нерсе, жогоруда аталган мыйзам долбоорунун пакетинде , шайлоо процесси маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик-укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча” мыйзам долбоору кароого киргизилген. Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 140-беренесин( шайлоочулардын добушун сатып алуу) жеке айыптоо иштеринен жеке-айкын айыптоо иштеринин категориясына өткөрүү жолу аркылуу, Жазык процесстик кодексине шайлоочулардын добуштарын сатып алууга болгон жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталаган өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган.
Бирок, парламент 2017-жылдын 11-январында кабыл алынган мыйзам долбоорунун акыркы редакциясында Жазык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү 1-беренени такыр эле алып салган. Ошентип, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу маселеси чечилбей калган.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, КФ “Жарандык платформа” Жогорку Кенештин депутаттарын, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана адам укуктары чөйрөсүндө мамлекеттин эл аралык милдеттерине ылайык келбеген, БӨУнун ишмердүүлүгүн жонго салган ченемдерди мыйзам долбоорунан чыгарып салууга чакырат. Ошону менен бирге, Бейөкмөт уюмдардын шайлоолорго негизделбеген тоскоолдуктарсыз байкоо жүргүзүүсүн камсыз кылыш керек деп белгилейт.
Ошондуктан, БӨУнун таламдарын камтыган, ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган ар кандай иш-аракеттер боюнча жарандык коом менен тыгыз байланышта болууга жана кенешүүгө ошону менен биргеликте жалпыга таанылган эл аралык принциптерди жана ушул чөйрөдөгү эл аралык органдардын сунуштамаларын сактоого чакырабыз.
заявление кыргыз тили