Рус Кырг Eng

Азыркы мыйзам менен парламент өзгөрбөйт

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча парламентке кайрылышты.

Шайлоо реформаларын жүргүзүүдөгү парламенттин ролу, партиялардын орду кандай болуп жатат? Мыйзамга кирүүчү негизги принциптер кандай болушу керек? Партиялардын калыптанышына кандай шарттар керек? Ушул ж.б. суроолорго «Арай көз чарай» берүүбүздөн жооп издедик.

Талкууга Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев, «Жарандык платформа» коомдук фондунун директору Айнура Усупбекова жана жаштардын саясий кыймылынын мүчөсү Гүлжигит Исаков катышты.

«Азаттык»: – Мукар мырза, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары азыркы парламентке шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча бир нече сунуш-пикирлер менен кайрылганыңыздар айтылууда. Сиздердин сунуштардын маңызы эмнеде? Алар канчалык деңгээлде Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарына сапаттык жаңы түс бере алат?

Мукар Чолпонбаев: – Коомчулуктагы көпчүлүктүн пикирин эске алсак, Жогорку Кеңештин IV чакырылышына караганда V чакырылыштын депутаттары начар, ал эми V чакырылышка караганда VI чакырылыштын депутаттарынын деңгээли андан да төмөн болуп турат. Эгер азыркы мыйзамдар менен 2020-жылдагы парламенттик шайлоого барсак, анда VII чакырылыштын депутаттары азыркыдан да жаман болот. Мындай пикирди азыркы депутаттар өздөрү да айтып жатышат. Анын себептери кайда? Шайлоонун партиялык тизме менен өткөрүлгөнүндө. Ал партия шайлоого катышуу үчүн 5 миллион сом акча төгүшү керек, эгер партия республика боюнча жалпы 9 пайыздан көп добуш алып, бир облустан 9 пайыздык чектен өтө албай калса, ал партия шайлоодон өттү деп эсептелбейт. Эгер бир эле партия 9 пайыздык босогодон өтүп калса, ал парламентте 65 гана орун ала алат. Бир партия менен Жогорку Кеңеш түзүлбөйт, мындай коркунуч бар. Болуптур, эгер 3 партия парламентке өтүп, бирок алар шайлоочулардын 20 пайыз эле добушуна ээ болсо эмне болот? Калган 80 пайыз шайлоочунун добушу эмне болот? Ушундай «Эмне болот?» деген суроолор көп. Мен айтып жаткан суроолордун баары демократияга каршы келип жатат. Биз, мурдагы парламент төрагалары, ушул маселелерди көтөргөнүбүздө азыркы спикерибиз «сунуштарды кагаз жүзүндө бергиле, карайлы» деди. Биздин мыйзам долбоорун өзүбүз киргизгенге укукугубуз жок болгондуктан, жыйынга катышкан мурдагы төрагалар, азыр Жогорку Кеңештеги депутаттар аркылуу бул жумада сунуш-пикирлерибизди жөнөтөбүз.

«Азаттык»: – Айнура айым, Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы буга чейинки шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүдө ойногон ролу кандай болду? Депутаттарда жаңы демилгелер барбы?

Айнура Усупбекова: – Парламенттик шайлоо жакындаган сайын талкуу күчөдү. 2020-жылы боло турган шайлоо Кыргызстандын саясий элитасын өзгөртөт деп турабыз. Бирок, кайсы партия, кандай сапаттар менен парламентке келет? Бул чоң суроо. Ооба, азыркы Жогорку Кеңештин ишине биз, жарандык коом да канааттанбайбыз. Бирок парламент – кайсы өлкө болбосун түпкүлүктүү саясий органы, бийликтин бир бутагы. Бизде жамандыр-жакшыдыр парламент иштеп жатат. Кандай болгон күндө да Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын депутаттары менен бир жылдан бери шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу максатында жумушчу топто иштеп келе жатабыз. Учурда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизиш үчүн Жогорку Кеңеште депутаттардын 2-3 демилгечи топтору иштеп жатат. Ар биринин сунуштары маанилүү.

«Азаттык»: – Гүлжигит мырза, бүгүнкү иштеп жаткан мыйзам боюнча парламентке, Жогорку Кеңешке жаңы партиялардын келишине мыйзамдык, укуктук шарттар түзүлгөнбү?

Гүлжигит Исаков: – Жаңы партиялардын шайлоого катышуусу боюнча мыйзамдык мүмкүнчүлүктөргө караганда, мыйзамдык тоскоолдуктар көп. Аларды мен санап, негиздеп берейин. Биринчи тоскоолдук – Кыргызстан боюнча азыр 18 жаштан жогору курактагы 4 миллион 300 миң шайлоочу бар. Алардын биометрикасы жоктору шайлоо укугунан ажырап калып жатат. Экинчи тоскоолдук – чет өлкөлөрдө 1 миллионго жакын шайлоочуларыбыздын ичинен болгону 4-10 миңдин тегерегинде гана адам шайлоого катышып жүрөт. Калгандарына шарт түзүп бере алган жокпуз. Үчүнчүсү – «шайлоо тизмесинен таппай калды» деген шылтоо менен дагы канчалаган шайлоочулар добуш бере албай калышат. Эң негизги тоскоолдук – бул партиялар үчүн 9 пайыздык босого.

«Азаттык»: – Ошол тоскоолдуктарды ким жасап жатат, кимдердин кызыкчылыгы бар?

Гүлжигит Исаков: – Азыр бийликте отургандар 2010-жылы жаңы Конституцияны, ага ылайык мыйзамдарды жазып алышкан. Азыр бийликтин бутактарында отургандар «биз эле бололу, жаңылар келбей эле коюшсун» дешет. Алар жаңы күчтөрдүн келишин каалашпайт. Ошондуктан «партияларга 5 миллион сом төгүш керек, партиялык тизме менен шайланышы керек» деген, дагы көп тоскоолдуктарды түзүп коюшкан. Конституция боюнча шайлоочу каалаган адамын түз шайлоого укугу бар.

https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan-election-lows-discussion/30205986.html