Рус Кырг Eng

Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: эмне өзгөрдү?

Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: эмне өзгөрдү?

         Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбеков 2019-жылдын 8-августунда “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына жана “Референдум жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу конституциялык мыйзамына кол койду.

Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын шайлоолор жөнүндө мыйзамын өркүндөтүү стратегиясына карата Иш-аракеттер планында белгиленген чараларды жүзөгө ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын шайлоолор жөнүндө мыйзамын өркүндөтүү боюнча жумушчу тобу тарабынан иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин депутаттары Н.К. Алимбеков, А.М. Эргешов, А.К. Касымалиева ж.б. депутаттар тарабынан демилгеленгендигин эске салабыз.

Кабыл алынган мыйзамдын негизги максаты – бул өлкөнүн жарандарынын шайлоого жана жана шайланууга өз конституциялык укуктарын ишке ашырууга бирдей жана тоскоолдуксуз жетүүсүн камсыздоо, ошондой эле эркин жана аң-сезимдүү билдирүүлөрү үчүн шарттарды түзүү.

Кабыл алынган мыйзамда Кыргыз Республикасында шайлоо системасынын өзгөрүүсү каралбайт жана келээрки 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо пропорционалдуу система боюнча өтө тургандыгын белгилей кетүү зарыл. Алсак, иштеп чыгуучулардын пикири боюнча, жакынкы келечекте Кыргызстан үчүн пропорционалдуу шайлоо системасы эң эле алгылыктуу вариант болуп кала берет.

Кол коюлган мыйзамдардын максаттарынын бири болуп активдүү жана пассивдүү шайлоо укугун ишке ашыруу шарттарын жакшыртуу саналат.

 Активдүү шайлоо укугун ишке ашыруу шарттарын жакшыртуу:

  • Мыйзам менен бекитилген электрондук ведомство аралык өз ара аракеттенүү системасын колдонуу менен маалыматтар менен алмашуу жана аны иштетүү, бул бир катар сунушталган түзөтүүлөрдө каралат.
  • Темир жол вокзалдарынын, аэропорттордун имараттарында шайлоолорду даярдоо мезгилинде шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу пункттары ачылат. Бул чаралар көптөгөн жарандарыбызга биометрикалык каттоодон өтүүгө, шайлоочулардын тизмесине кирүүгө жана добуш берүүгө катышууга өбөлгө түзөт.
  • Шайлоочунун башка шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө арызды (2-форма) берген же шайлоочунун анын маалыматтарын оңдоо жөнүндө арызды (3-форма) берген учурда бурмалоолорго жол бербөө максатында, аталган шайлоочулар арыздарды толтуруу үчүн биометрикалык идентификациядан өтөт. Бул ченемди киргизүү көп сандагы шайлоочулардын шайлоо мезгилинде саясий партиялар менен участоктон участокко барышына байланыштуу көйгөйлөрдү белгилүү бир деңгээлде чечүүгө, ошондой эле шайлоочулардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн аталган жол-жоболоруна карата ишеним көрсөтпөөгө байланыштуу бир катар маселелерди алып салууга өбөлгө түзөт.
  • Жарандардын шайлоо процессине жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында мамлекеттик порталда “шайлоочунун кабинети” деп аталган жаңы сервиси ишке киргизилет. Мындан ары жарандар аларды шайлоочулар тизмесине киргизүүгө арызды шайлоо комиссиясына жеке тапшыруу аркылуу гана эмес, ошондой эле “шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу электрондук форматта да бере алышат.
  • Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын сактоо максатында ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын керектөөлөрүнүн карттарын эсепке алууну жүргүзүүгө байланышкан чаралар да каралган. Ошондой эле кабыл алынган мыйзамда шайлоо комиссияларынын сыяктуу эле, саясий партиялардын талапкерлеринин да ден соолугунун мүмкүнчүлүгүн чектелген адамдардын керектөөлөрүн эске алуу менен маалыматтык жана үгүт материалдарын чыгаруу милдети белгиленет.
  • Чет өлкөдө болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын добуш берүүгө катышууга укуктарын ишке ашыруу максатында ченем каралган, ага ылайык чет өлкөдө шайлоо участоктору мындан ары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн аймагында ачылат.
  • Вахта ыкмасы менен иштеген адамдарды, алыс жайгашкан региондордо иштеген адамдарды киргизүү менен добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү укугуна ээ адамдардын тизмегин кеңейтүү.
  • Шайлоо участокторунун техникалык жабдылышын жакшыртуу, шайлоочулардын тизмелеринде маалыматтарды тактоо боюнча мөөнөттөрдү жана форматтарды өзгөртүү.

 Шайлануучу органдардын сапатын жогорулатуу

  • Талапкерлер тарабынан башка мамлекеттин жарандыгы жоктугу жөнүндө документти, соттуулугу тууралуу маалыматтарды, ошондой эле талапкерлердин жеке маалыматтарын, анын ичинде башка мамлекеттин жарандыгынын (анын ичинде буга чейинки жарандыгынын, башка жарандыгынын) болушуна же жоктугуна маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө кат жүзүндөгү макулдугун берүү;
  • Талапкердин статусунун келип чыгуу учуруна жана шарттарына, каттоо мөөнөттөрүнө, шайлоо күрөөсүн коюу мөөнөтүнө, шайлоо фондун ачууга ж.б. байланышкан мыйзамдардагы коллизицияларды жана мүчүлүштүктөрдү четтетүү;
  • Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан салынган шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүнүн айкын учурлары белгиленген;
  • Кыргыз Республикасынын Борбордук комиссиясына берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентине талапкерди колдоого жарандардын кол тамгаларынын санын жогорку чеги 60 миң кол тамга өлчөмүндө белгилөө, ошондой эле аларды текшерүү тартибин жакшыртуу;
  • Кыргыз Республикасынын Президентине талапкерлер үчүн шайлоо фондунан акча каражаттарын чыгымдоонун жогорку чегин 2 000 000 эсептик көрсөткүчтөрүнөн ашпаган өлчөмдө белгилөө;
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө шайлоо фондунан чыгымдардын жогорку чегин 5 000 000дон 3 000 000 эсептик көрсөткүчкө чейин төмөндөтүү:

Ачык жана атаандашууга жөндөмдүү шайлоо өткөрүү механизмдерин өркүндөтүү

  • “Маалымдоо” жана “шайлоо алдындагы үгүт иштери” деген түшүнүктөрүн бөлүү. Мында, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшүндө талапкерлердин биргелешкен иш-чараларына негизги басым кылуу сунуш кылынат.
  • Акысыз эфир убактысынан кеминде тең жарымы дебаттарга берилет.
  • Стадиондордо жана калктуу конуштардын көчөлөрүндө, ошондой эле спорттук иш-чараларда концерттерди жана театралдаштырылган оюндарды өткөрүү сыяктуу үгүт формалары алып салынат.
  • Алар тарабынан буга чейин жайгаштырылган маалыматтарды төгүндөөнү акысыз жарыялоого жалпыга маалымдоо каражаттарынын милдеттерин белгилөө.
  • Дин ишмерлеринин үгүт өнөктүгүнө катышууга тыюу салуу.
  • Катталган талапкерлердин биргелешкен үгүттөө иш-чараларына жеке катышуусу. Мында, катталган талапкердин же саясий партиянын өкүлдөрү жана колдоо топтору мындай иш-чараларга катышуусуна жол берилбейт.
  • Катталган талапкерлерге, саясий партияларга берген эфир убактысын, басма аянтчасын сунуштаган телерадио уюмдар жана мезгил-мезгили менен басылмаларды (менчик формасына карабастан) милдети, алардын көлөмүн жана наркын өзүнчө эсебин Борборбук шайлоо комиссия тарабынан белгилинген мындай эсепти жүргүзүү формаларына жана тартибине ылайык жүргүзүү белгиленет. Мындай эсептин маалыматтары шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү мезгилинде ар бир 10 күн жана добуш берилген күндөн кийинки 10 күн мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.

Административдик ресурсту колдонуу жана шайлоо мыйзамынын башка бузуулары менен күрөшүү

Добуштарды сатып алуу менен бирге эле чоң коркунучтардын бири бул административдик ресурсту колдонуу саналат. Шайлоонун жүрүшүндө административдик ресурсту колдонууга карата сөз кылсак, колдонулуп жаткан тыюу салуулар натыйжасыз болуп саналат, ал эми мамлекеттик сектордун кызматкерлери аларга карата басым көрсөтүүдөн жана коркутуудан корголбогондугун белгилей кетүү зарыл. Мында, күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуунун реалдуу механизми жок. Алсак, колдонуудагы мыйзамда “административдик ресурсту колдонуу” түшүнүгүнүн так аныктамасы камтылган эмес жана шайлануу максатында кызматтык абалынын артыкчылыктарын колдонгондугу үчүн талапкердин гана жоопкерчилиги каралган. Бирок, буга чейин өткөрүлгөн шайлоолордо административдик ресурс талапкерлердин өздөрү сыяктуу эле, башка адамдар тарабынан шайлоочулардын билдирген эркине таасир этүү максатында, колунда болгон бийлик каражаттарын колдонулуп жаткандыгын көрүнүп турат.

Административдик ресурсту колдонууга жол бербөө үчүн административдик ресурс түшүнүгүнүн жана формаларынын так аныктамасы, аны колдонуу болбой тургандыгы жана аны колдонгондугу үчүн жоопкерчилиги жөнүндө ченемдерди караган шайлоо мыйзамдарына бир катар түзөтүүлөр сунуш кылынат.

Ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын бузууга жол берүүлөрдү алдын алуу жана ал менен күрөшүү үчүн ченем кабыл алынган, ага ылайык шайлоолорду даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары тарабынан курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирген шайлоо комиссияларынын бардык деңгээлдеринде ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобу түзүлүп жатат. Ыкчам чара көрүүнүн координациялык топтун негизги функцияларынан болуп шайлоо мыйзамдарынын бузууга жол берилишине ыкчам чара көрүү жана жарандарды көрүлүүчү чаралар тууралуу маалымдоо саналат.

Колдонуудагы шайлоо мыйзамы шайлоо түзөтүүлөрүн карап чыгуу мөөнөттөрү боюнча бир катар коллизияларды камтып жаткандыгын белгилей кетүү зарыл. Коллизияларды четтетүү үчүн кайрылуулар жана даттануулар үчүн так мөөнөттөрү белгиленген түзөтүүлөр да кабыл алынган.

 Шайлоолорго мониторинг жүргүзүү

Кабыл алынган мыйзамга ылайык жарандык коом тарабынан шайлоолорго эркин мониторинг жүргүзүү үчүн тоскоолдуктарды түзө турган коомдук байкоочуларды аккредитациялоо жол-жобосу жоюлгандыгы чоң жетишкендиктердин бири болуп саналат. Кабыл алынган түзөтүүлөргө ылайык коомдук байкоочулар каттоодон өтүшөт. Мында, аларга ошондой эле алар катталган шайлоо участокторунун ортосунда эркин оошуп жүрүүгө укук берилген.

Ошондой эле добуш берген шайлоочулардын санына мониторинг жүргүзүү максатында ченем кабыл алынган, ага ылайык добуш берүү күнү ар бир 2 саат сайын добуш бергендердин саны тууралуу маалымат аймактык шайлоо комиссиясынын системдүү администраторуна берилип турат, ал өз кезегинде бул маалыматтарды Борбордук комиссиянын сайтына жайгаштырат.

Добуш берүү күнү кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын кызматкерлеринин, ошондой эле ишканаларда үзгүлтүксүз цикл менен иштеген шайлоочулардын активдүү укуктарын ишке ашыруу максатында, аталган категорияларга добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү укугу берилген.

 Добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуу

2017-жылы өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жүрүшүндө шайлоо процессинин катышуучуларынын тынчсыздануусун добуш берүүнүн жашыруундулугун бузуу аркылуу шайлоочулардын билдирген эркине таасир этүүнүн бир катар учурлары пайда кылган (“добуш берүүнү контролдоо”).

Добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузууга жол бербөө, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү максатында, шайлоо мыйзамынын “добуш берүүнүн жашыруундулугу” беренесине түзөтүүлөр демилгеленген.