Рус Кырг Eng

Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарындагы жаңы өзгөртүүлөр жөнүндө

Жарандык коомдун өкүлдөрү, КР шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү жергиликтүү кеңештерде  аялдар үчүн 30% милдеттүү квота жөнүндө  ЖК депуттатарынын демилгесин кубатташат.

Жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн 30%  милдеттүү квота киргизүү зарылчылыгы жөнүндө маселе Жогорку Кеңеште бир нече жолу көтөрүлгөн. Азыркы учурда айылдык кеңештерде аялдар үчүн  30%дан кем эмес мандаттарды резервдөө  жөнүндө ченем экинчи окууда жактырылган.

Бул демилгеге ылайык мандаттар жергиликтүү кеңеште көрсөтүлгөн 30%дан кем эмес аялдардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Депутаттын күбөлүгүн шайлоочулардын добуштарынын эң көп санын алган аял – талапкерлер алышат.

Бул иш-чаралар КРдагы ПРООНдун техникалык колдоосунда жана  Бишкектеги ЕККУнун Программалык Кеңсесинин техникалык колдоосунда өткөрүлүүдө.

Эскерте кетсек, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр 2018-2020-жылдары шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясына ылайык киргизилет. Стратегия 2018-жылдын  3-августунда   Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин  VII жыйналышында жактырылган.

Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү бөлүгүндө ЖК депутаттары мыйзамдардын долбоорлоруна төмөнкү өзгөртүүлөрдү демилге кылышкан:

– «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын  референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу;

– «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу;

–  «Кыргыз Республикасынын  шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу;

– «Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө («Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Борбордун  статус жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын мыйзамдары)».

Мыйзам долбоорлорунун концепциясы өзүнө төмөнкү негизги багыттарды камтыйт:

  1. Шайлоо процессинин  инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу;
  2. Пассивдүү шайлоо укугун ишке ашыруу шарттарын жакшыртуу;
  3. Коомдук байкоочулардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
  4. Шайлоочуларды маалымдоо жол-жоболорун жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жакшыртуу;
  5. Жергиликтүү кеңештерди шайлоолордо шайлоо өнөктүгүн каржылоонун айкындуулугун камсыз кылуу;
  6. Шайлоочулардын эрк билдирүүсүнө таасир көрсөткөн негизги факторлордун бири катары административдик ресурс менен күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу;
  7. Жазында жана күзүндө (апрелдин экинчи жекшембиси жана октябрдын экинчи жекшембиси) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолордо  «бирдиктүү добуш берүү күндөрүн» белгилөө.
  8. Гендердик теңчиликти камсыз кылуу.

Кенен- кесири:

Шайлоо процессине жарандарды тартуу жолу менен шайлоо процессинин  инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу, ал эки жол менен жетишилет:

1) Шайлоо процессинде жарандардын инклюзивдүүлүгүнүн жалпы шарттарын жакшыртуу (шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу мөөнөттөрүн көбөйтүү,  шайлоочуларды тизмелерге киргизүү шарттарын өркүндөтүү. Анын ичинде электрондук арыз берүү мүмкүнчүлүгү);

2) Шайлоочулардын айрым категориялары боюнча өзгөчө шарттарды түзүү  (ДМЧА,   мигранттар жана жарандардын башка айрым категориялары).

  • ДМЧА үчүн көнүктүрүлгөн маалыматтык материалдарга, такталарга, үгүт материалдарына талаптар каралат: аудио-видео форматта (санариптик алып жүрүүчүлөрдө), сурдокотормо, субтитрлөө, Брайль шрифти ж.б.(22-берене);
  • Талапкерлердин, саясий партиялардын үгүт материалдарынын жалпы нускасынан 1 пайыздан кем эмес көлөмдө ДМЧА үчүн көнүктүрүлгөн үгүт материалдарын жарыялашы жөнүндө талаптар киргизилет (27-берене).

 Пассивдүү шайлоо укугун ишке ашыруу

 Шайлануучу органдарынын сапатын жогорулатуу максатында төмөнкүлөр сунушталат:

  • жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге жалпы орто билиминен кем эмес билиминин болушу жөнүндө талап киргизүү (3-берене);
  • Талапкерлердин соттуулугу жөнүндө маалыматтарды берүүсү, жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө макулдук берүү, эсептери, мүлкү, банктагы салымдары жөнүндө маалыматтарды берүү. Көрсөтүлгөн ченемдер жергиликтүү кеңештер жөнүндө мыйзмдарда кабыл алынган. Ушундай эле өзгөртүүлөр жана толуктоолор  КР Президентин жана ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга киргизилет деп ниеттенебиз.

Коомдук байкоочулар

Шайлоо комиссияларынын ишинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо мыйзамдарын бирдейлештирүү максатында мыйзам долбоору менен шайлоолорго байкоо жүргүзүү үчүн коммерциялык эмес уюм жөнөтүүчү коомдук байкоочулардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү сунуш кылынат. Алсак, жол-жоболорду жеңилдетүү максатында «коомдук байкоочуларды аккредитациялоо» түшүнүгү жоюлат, коомдук байкоочулар шайлоо комиссиялары тарабынан катталат. Мында, коммерциялык эмес уюм бир участкага бир эле коомдук байкоочуну жөнөтүүгө укуктуу деген чектөө алып салынды. Кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык коммерциялык эмес уюм участкага үч байкоочуга чейин жөнөтүүгө укуктуу. Мында, бир эле маалда бир байкоочу болушу керек. Коомдук байкоочуларга алар катталган шайлоо участокторунда эркин ары бери жүрүү укугу берилген, ошондой эле добуш берүүнүн купуялуулугун бузбастан жана процесстин жүрүшүнө тоскоол болбостон шайлоо процессин фото, видео тартууну жеке жүргүзүүгө укук берилет.

Шайлоочуларды маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштери Шайлоочулардын аң сезимдүү тандоосун камсыз кылуу, шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктун маданиятынын жана маалымдарлыгынын деңгээлин жогорулатуу үчүн мыйзам долбоору менен төмөнкүлөр сунушталат

  • АШК/БШК тарабынан жарыяланууга жаткан маалыматтык материалдардын тизмеси көрсөтүлгөн, катталган талапкерлер жана алардын программалары жөнүндө, талапкердин жана саясий партиянын шайлоо фондусуна каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө, талапкерлердин жана саясий партиялардын финансылык отчеттору жөнүндө кошумча маалымат менен толукталат   (22, 42-беренелери);
  • Каттоо күнүнө чейин 10 күндөн кечиктирбестен, кийин жарыянын көчүрмөсүн АШКга берүү менен шайлоо алдындагы программаны милдеттүү жарыялоо жөнүндө ченемди киргизүү (22-берене);
  • Талапкерлердин жана катталган тизмеден талапкерлердин биргелешкен үгүт иш-чараларында жеке катышуусун белгилөө сунушталат.
  • Катталган талапкердин өкүлдөрүн жана колдоо тобунун биргелешкен үгүт иш-чараларында катышуусуна тыюу ( 24-берене);
  • ЖМКларга талаптар – катталган талапкерлер, саясий партиялардын талапкерлеринин тизмеси, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү жөнүндө билдирмелер жөнүндө маалымдоо;
  • ЖМКлардын милдети катталган талапкерлерге берилген эфир убактысынын, басылма аянтынын көлөмүн жана наркын өзүнчө эсепке алууну милдеттендирүү жана бул маалыматтарды ар бир 10 күндө АШКга берүү (24-берене);
  • Катталган талапкердин же саясий партиянын абийирин, намысын, кадыр-баркын коргоодо төгүндөө же түшүндүрмөнү акысыз негизде  жарыялоо жөнүндө ЖМКнын милдети тууралуу жобо   (28-берене);
  • Талапкерге каршы добуш берүүгө чакырыктарды жайылтуу же талапкерге, саясий партияга терс мамилени түзүүгө өбөлгөлөө максатында эфир убактысын, басылма аянттарды пайдаланууга тыюуну белгилөө (28-берене).

Шайлоочулардын эрк билдирүүсүнө таасир көрсөткөн негизги факторлордун бири катары административдик ресурс менен күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу

Мыйзам долбоору менен «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануунун жол берилбестиги» атайын беренени киргизүү сунушталууда, ал талапкерди же саясий партияны саясий жана башка түрдө колдоонун белгилерине ээ адамдык, финансылык, материалдык, медиалык, институционалдык ресурстарды укуксуз колдонууну камтыйт (17¹-берене).

Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу үчүн жоопкерчилик КР жоруктар жөнүндө кодексте жоопкерчилик жөнүндө мыйзам долбоорлорунун топтомунда каралат.

Башка өзгөртүүлөр

Жазында жана күзүндө жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо «добуш берүүнүн бирдиктүү күндөрүн» белгилөө сунушталууда (апрелдин экинчи жекшембиси жана октябрдын экинчи жекшембиси).

Мындан тышкары «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген, ага ылайык жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңештердин сессиясында 4 жолудан ашык катары менен келбеген учурда ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин, айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына талапкерлерге  мамлекеттик  тилди билүү жөнүндө талаптарды белгилөө каралат.

Эскерте кетсек, Мыйзам долбоорунун демилгечилери Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаттары  А. Эргешов, Н. Алимбеков, А.И. Кулбараков, У.Т. Кыдыралиев, У.О. Самаев, У.Б. Примов, А.С. Токторов, Т.И. Икрамов, Т.Т. Мамытов, Т.У. Жоробеков, Д.Г. Торокулов, А.М. Нурбаев, А.Ж. Исмаилова, Б.К.Райымкулов, А.Т. Алтыбаева, К.Ж. Рыспаев, Т.Г. Тиллаев, Б.С.Турусбеков, А.К. Касымалиева, И.Ш. Омуркулов, А.Б. Баатырбеков, М.Э. Мавлянова, А.А. Алтынбеков, О.М. Бакиров, Ж.К. Турускулов болду. Мыйзам долбоорлору жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаты  Аида Касымалиева берди.