Рус Кырг Eng

Шайлоо мыйзамдарындагы жаңы түзөтүүлөр жөнүндө

Шайлоо мыйзамдарындагы жаңы түзөтүүлөр жөнүндө

2018-жылдын 13-августунда Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин  VII жыйналышында  2018-2020-жылдарга шайлоо мыйзамдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясы жана Стратегияны жүзөгө ашыруу планы жактырылды.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Стратегияга Аракеттердин планында каралган иш-чараларды жүзөгө ашыруу максатында төмөнкү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлорунун топтомун иштеп чыккан:

  • “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
  • “Референдум жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
  • “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлорунун топтомун Жогорку Кеңештин депутаттары Н.К. Алимбеков жана  А.М. Эргешов демилгелеген.

Мыйзамдарга сунушталган түзөтүүлөрдүн негизги максаты – өлкөнүн жарандарынын шайлоого жана шайланууга өздөрүнүн конституциялык укуктарын ишке ашырууга бирдей жана тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле  эркин жана аңдап-түшүнүлгөн эрк билдирүү үчүн шарттарды түзүү.

Демилгеленген мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасындагы шайлоо системасын өзгөртүүнү карабай тургандыгын жана 2020-жылы боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоолор иштеп чыгуучулардын пикири боюнча жакынкы келечекте Кыргызстан үчүн кыйла ылайыктуу болуп  пропорционалдык шайлоо системасы кала берээрин белгилеп кетүү керек.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө маалымат

КР_айрым_мыйзам_актыларына_киргизуу_Ош_шаар_статусу

КР_Президентин_жана_КР_Жогорку_Кеңешинин_депутаттарын_шайлоо_жөнүндө_КР_Мыйзамы_боюнча_маалымат

Шайлоо_комиссиялары_жөнүндө_маалымат