Рус Кырг Eng

Шайлоо мыйзамдарындагы жаңы түзөтүүлөр жөнүндө

Шайлоо мыйзамдарындагы жаңы түзөтүүлөр жөнүндө

2018-жылдын 13-августунда Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин  VII жыйналышында  2018-2020-жылдарга шайлоо мыйзамдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясы жана Стратегияны жүзөгө ашыруу планы жактырылды.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Стратегияга Аракеттердин планында каралган иш-чараларды жүзөгө ашыруу максатында төмөнкү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлорунун топтомун иштеп чыккан:

  • “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
  • “Референдум жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
  • “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлорунун топтомун Жогорку Кеңештин депутаттары Н.К. Алимбеков жана  А.М. Эргешов демилгелеген.

Мыйзамдарга сунушталган түзөтүүлөрдүн негизги максаты – өлкөнүн жарандарынын шайлоого жана шайланууга өздөрүнүн конституциялык укуктарын ишке ашырууга бирдей жана тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле  эркин жана аңдап-түшүнүлгөн эрк билдирүү үчүн шарттарды түзүү.

Демилгеленген мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасындагы шайлоо системасын өзгөртүүнү карабай тургандыгын жана 2020-жылы боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоолор иштеп чыгуучулардын пикири боюнча жакынкы келечекте Кыргызстан үчүн кыйла ылайыктуу болуп  пропорционалдык шайлоо системасы кала берээрин белгилеп кетүү керек.

 

Шайлоо процессине кандай жаңылык киргизилет?

Демилгеленген мыйзам долбоорлорунун максаттарынын бири активдүү жана пассивдүү шайлоо укугун ишке ашыруу шарттарын жакшыртуу болуп саналат. Бул көрсөтүлгөн максатка жетүү үчүн төмөнкү чаралар сунушталат:

Маалыматты мыйзам менен бекитилген электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын колдонуу менен алмашуу жана иштетүү, бул бир катар сунушталган түзөтүүлөрдө каралат.

Мында шайлоочулардын тизмеси менен болгон көп жылдык проблема биротоло чечилет окшойт. Мамлекеттик органдар,  муниципалитеттер, ошондой эле   региондордо жергиликтүү бийлик органдарынын ортосунда электрондук маалыматтар менен алмашуу боюнча маалыматтык порталды тездикте ишке киргизүү шайлоочуларга электрондук форматта арыз берүүгө жана жеке маалыматтарды фальсификациялоону болтурбоого мүмкүнчүлүк берет. Порталда катталып жана шайлоочунун кабинети түзүлгөндөн кийин пайдалануучу автоматтык түрдө аутентификациядан өтөт – арыз ээсинин инсандыгы электрондук түрдө такталат. Мына ошентип, шайлоочулардын шайлоо процессине катышууга жеткиликтүүлүгү жакшырат. Эми жарандар аларды шайлоочулардын тизмесине киргизүүгө арызды шайлоо комиссияларына арызды жеке берүү жолу менен гана эмес, ошондой эле   электрондук форматта, ЦОНдордо жана маалыматтык киосктордо да бере алышат. Бул  ресурс автоматтык режимде иштөөсү маанилүү, анткени бул БШКга жана аймактык шайлоо комиссияларына паспорттук маалыматтарга, соттуулугуна тиешелүү маалыматтарды текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет.

 

Жарандардын активдүү укуктары

Демилгеленген түзөтүүлөр жарандардын бардык категорияларынын, анын ичинде ДМЧА, тергөө алдындагы адамдардын, стационардык жана жабык мекемелерде болгон жарандардын, алыскы жерлерде, анын ичинде чет өлкөдө жүргөн жарандардын укуктарынын сакталышы үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

Сунушталган түзөтүүлөр шайлоо участкаларын жабдууга, шайлоочулардын тизмесинде маалыматтарды тактоо боюнча мөөнөттөрдүн жана форматтарынын өзгөрүшүнө, жарандардын айрым категорияларынын жана ЖӨБ органдары менен бирдикте ДМЧА үчүн керектөө карталарын  эсепке алууга, жайдан тышкары добуш берүү үчүн жүйөөлүү себептердин тизмесин кеңейтүүгө, мисалы, вахта ыкмасы менен же алыскы региондордо иштегендер, чет өлкөдө шайлоо участкаларынын санын көбөйтүүгө тиешелүү.

 

Гендердик өкүлчүлүк жана аялдар үчүн кепилдиктер

 Сунушталган түзөтүүлөргө ылайык жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн 30% квотаны киргизүү сунушталууда. БШК маалыматтары боюнча акыркы 10 жылда  жергиликтүү кеңештерде аялдардын өкүлчүлүгү бир топ  азайды.  Акыркы шайлоолор айылдык кеңештерде депутаттыкка талапкерлердин арасында 7% аялдар болгондугунун статистикасын берген. Бул 10 жылдагы эң төмөн көрсөткүчтөрдүн бири  болуп саналат. Ушуга байланыштуу жергиликтүү кеңештерге аялдардын өкүлчүлүгүн 30% га чейин убактылуу негизде киргизүү жөнүндө КР мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жылдыруу боюнча чаралар зарыл.   Ошондой эле шайлоо өнөктүгүндө аялдарды жигердештирүү боюнча билим берүүчүлүк жана маалыматтык чараларды күчөтүү пландаштырылууда.

Аялдардын жергиликтүү кеңештердин курамынан “чыгышын” болтурбоо максатында мөөнөтүнөн мурда чыгып кеткен депутаттардын бош ордун ээлөөнүн өзгөчө тартиби каралат. Депутаттын орду бошогон учурда кеткен жыныстагы адамдын ордуна  мандат талапкерлердин тизмесиндеги ошол жыныстагы кийинки талапкерге берилет. Ушундай эле ченем “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында камтылган .

 

Шайлануучу органдардын сапатын жогорулатуу

Шайлануучу органдардын сан жагынан сапатын жогорулатуу максатында түзөтүүлөрдүн сунушталган долбоорлору  бардык деңгээлдердеги шайлоолордо талапкерлерге талаптарды белгилөөнү, саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын   жоопкерчилигин жана отчеттуулугун жогорулатууну, каттоо жана шайлоо максатында анык эмес маалыматтарды берүү үчүн жоопкерчиликти белгилөөнү карайт:

– талапкер статусунун келип чыгуусу, каттоо мөөнөттөрү, шайлоо күрөөсүн киргизүү мөөнөттөрү, шайлоо фондун ачуу жана башка учурлар жана шарттар менен байланыштуу мыйзамдагы коллизияларды жана мүчүлүштүктөрдү четтетүү;

– КР Президенттигине талапкерди колдоп КР БШКга берилүүчү жарандардын кол тамгасынын топтолгон санынын жогорку босогосун белгилөө (1,5 эседен көп), ошондой эле   аларды текшерүүнүн тартибин жакшыртуу;

– талапкердин жана алардын жакын туугандарынын кирешелери жөнүндө маалыматтарды жарыялоонун милдеттүүлүгүн белгилөө, тандалган талапкерлердин чет өлкөлүк эсептеринин жана активдеринин жоктугу жөнүндө талаптарды киргизүү;

– КР Президенттигине талапкер үчүн шайлоо фондунан акча каражаттарын чыгымдоонун жогорку чектерин белгилөө;

– КР ЖК шайлоонун жүрүшүндө шайлоо фондунан чыгымдардын жогорку чегин төмөндөтүү:

– жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсүн киргизүү;

– КР ЖК депутаттыгына талапкерлер үчүн милдеттүү жогорку билимдин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн орто же орто-кесиптик билимдин болушу жөнүндө  талапты киргизүү;

– жергиликтүү кеңештердин сессияларында жүйөөлүү себептерсиз жок болгондугу үчүн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жоопкерчилигин киргизүү.

2017-жылы өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоолор  колдонуудагы мыйзамдардын проблемаларынын бири үгүт ишин жөнгө салуу жагында мүчүлүштүктөр жана коллизиялар болуп саналаарын көрсөттү. Аталган маселелерди чечүү үчүн төмөнкү чаралар сунушталат:

 

Ачык жана атаандашуучу шайлоо механизмдерин өркүндөтүү

 КР шайлоо мыйзамдарында “шайлоочуларды маалымдоо” түшүнүгүнүн так аныктамасынын жоктугу шайлоо талаш-тартыштарынын келип чыгуусуна алып келет, мында талапкерлерди маалымдоо боюнча аракеттер шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү боюнча ишке теңдештирилет жана тескерисинче. Аталган талаш-тартыштарды чечүү үчүн сунушталган түзөтүүлөрдү мыйзамдарга киргизүү жана “маалымдоо” жана “үгүт”, “маалыматтык материал” жана “үгүт материалдары” түшүнүктөрүн так ажыратуу сунушталат.

Мында практика көрсөткөндөй шайлоочулардын кыйла кызыгуусун чакырган үгүттүн түрлөрүнүн бири бир нече талапкерлердин катышуусунда биргелешкен иш-чаралар болуп саналат. Ушуга байланыштуу талапкерлердин ортосундагы дебаттарга убакытты көбөйтүү чаралары жана башка биргелешкен иш-чаралар  сунушталат.

Акыркы шайлоолордун практикасы көрсөткөндөй талапкерлер жана саясий партиялар активдүү колдонгон үгүттүн формаларынын бири “кара PR» деп аталган үгүт саналат. Бул маселени чечүү үчүн талапкердин намысын, кадыр-баркын же иштиктүү аброюн же саясий партиянын иштиктүү аброюн кемсинткен маалыматтарды таркатууга байланыштуу келип чыккан талаш-тартыштарды жөнгө салуунун сотко чейинки тартибин белгилөө сунушталат. Мындан тышкары, талапкердин, саясий партиянын талабы боюнча ЖМКлардын, интернет-басылмалардын талапкердин намысын, кадыр-баркын же иштиктүү аброюн же саясий партиянын иштиктүү аброюн кемсинткен жарыяга жооптуу акысыз жарыялоого укук берүүнү жана ЖМК, интернет-басылмалар үчүн жарыялоо мөөнөттөрүн белгилөө менен аларга милдеттендирүүнү белгилөө сунушталат.

Ошондой эле сунушталган мыйзам долбоорлору шайлоо процессинин катышуучулары тарабынан шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин бузгандык үчүн административдик жоопкерчилик киргизүү боюнча чаралардын комплексин сунуштайт.

 

Пропорционалдуу партиялык  системаны өркүндөтүү жана бекемдөө

Саясий партиялар калктын белгилүү-бир бөлүгүнүн саясий эркин ишке ашырган демократиянын маанилүү институту, анын милдети мыйзам менен каралган формаларда мамлекеттик иштерди башкарууга катышуу болуп саналат. Саясий партиялар элдин кызыкчылыгын билдирүүгө тийиш жана жарандык коомду өнүктүрүүнүн тездеткичи болушу керек.

Саясий партиялардын ишинин ачыктыгын камсыз кылуу максатында коомчулук үчүн саясий партиялар өзүнүн иши жөнүндө отчетторду ар жылы жарыялоону, анын ичинде финансылык отчетторду жарыялоосун белгилөө, ошондой эле  саясий партиялардын шайлоо фонддоруна берилген акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын, шайлоо өнөктүгү мезгилинде саясий партиялардын чыгымдарын ачууга багытталган ченемди киргизүү сунушталат.

 

Административдик ресурсту колдонуу менен күрөшүү

Сатып алуу менен катар эле олуттуу коркунучтардын бири административдик  ресурсту колдонуу болуп эсептелет. Шайлоонун жүрүшүндө административдик ресурсту колдонууга карата колдонулган тыюулар натыйжалуу эмес, ал эми мамлекеттик сектордун кызматкерлери аларга кысымдан жана коркутуудан корголгон эмес. Мында күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуунун реалдуу механизмдери жок. Алсак, колдонуудагы мыйзам  “административдик ресурсту колдонуу” түшүнүгүнүн так аныктамасын камтыбайт жана шайлануу максатында талапкердин гана кызматынан жана кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдалангандыгы үчүн жоопкерчилигин карайт. Бирок өткөн шайлоолордун тажрыйбасы көрсөткөндөй, административдик ресурсту талапкерлердин өздөрү гана эмес, ошондой эле шайлоочулардын эрк билдирүүсүнө таасир көрсөтүү максатында колунда бийликтик рычагдар болгон башка адамдар тарабынан да колдонулат.

Административдик ресурсту колдонууну болтурбоо үчүн шайлоо мыйзамдарына, административдик ресурс түшүнүгүн жана түрлөрүн так аныктоону, аны колдонуунун жол берилбестиги жана колдонуу үчүн жоопкерчилик жөнүндө ченемди караган түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталат.

 

Добуш берүүнүн жашырындуулугун бузуу

2017-жылы КР Президентин шайлоонун жүрүшүндө добуш берүүнүн жашырындуулугун бузуу жолу менен шайлоочулардын эрк билдирүүсүнө таасир көрсөтүүнүн бир катар учурлары шайлоо процессинин катышуучуларынын олуттуу тынчсыздануусун жаратты  (“добуш берүүгө контролдук кылуу”).

Добуш берүүнүн жашырындуулугун бузууга натыйжалуу бөгөт коюу максатында, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү максатында шайлоо мыйзамдарынын “Добуш берүүнүн жашырындуулугу” беренесине да түзөтүүлөр демилге кылынган.

 

Бирдиктүү добуш берүү күндөрү

Азыркы учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлчүлүктүү органы – жергиликтүү кеңештерге шайлоолор дээрлик ай сайын өткөн кырдаал түзүлдү.  Иш жүзүндө бул финансылык каражаттардын чачкындылыгына алып келип, уюштуруучулук жана техникалык чыгымдар жыйынтыгында мамлекеттин бюджетке таасирин тийгизүүдө.

Шайлоону уюштурууну жана пландаштырууну жакшыртуу, мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу үчүн, демилге кылынган түзөтүүлөр менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо эки – ар жылы жазында жана күзүндө бирдиктүү добуш берүү күндөрүн киргизүү сунушталат. Бул чара иштерди пландаштырууга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн сапатына оң таасир көрсөтүлүшү күтүлөт.

 

Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салуу

Өлкөдө болуп өткөн шайлоо өнөктүктөрүнүн практикасы көбүнчө шайлоо алдында шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилип, ал шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча ишти татаалдантып, шайлоо процессинин субьекттеринин ортосунда көп талаш-тартыштарды жана түшүнбөстүктөрдү жаратып жана шайлоо өнөктүгүн ырааттуу жана уюшкандыкта өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бербегендигин көрсөттү.

Көрсөтүлгөн проблемаларды чечүү үчүн демилге кылынган түзөтүүлөр менен КР ЖК же өлкөнүн Президентин шайлоолорго чейин бир жыл калганда өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салуу каралат.

 

Мыйзам долбоорлорунун тексттерин, негиздеме-маалымкаттарын жана салыштыруу таблицаларын төмөнкү шилтемелер боюнча карасаңыздар болот:

http://kenesh.kg/ru/draftlaw/494692/show

http://kenesh.kg/ru/draftlaw/494686/show

http://kenesh.kg/ru/draftlaw/494677/show

http://kenesh.kg/ru/draftlaw/494682/show

https://platforma.kg/?p=8881