Рус Кырг Eng

«ЖАРАНДЫК ПЛАТФОРМА» КООМДУК ФОНДУНУН 2017 ЖЫЛЫ БОЛУП ОТКОН ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООДО ӨТКӨРГӨН КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ БАЙКООСУ БОЮНЧА ОТЧЕТУ

«ЖАРАНДЫК ПЛАТФОРМА» КООМДУК ФОНДУНУН 2017 ЖЫЛЫ БОЛУП ОТКОН ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООДО ӨТКӨРГӨН КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ БАЙКООСУ БОЮНЧА ОТЧЕТУ

«Жарандык платформа» коомдук фонду өткөрүлгөн реформаларды баалоо үчүн шайлоо процессинин натыйжалуулугун жогорулатууда мамлекеттик жана мамлекеттик эмес институттардын баарына көмөк көрсөтүү, ошондой эле мыйзам чыгаруучулук жана укук колдонуучулук базанын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында шайлоолорго көз карандысыз байкоону жүзөгө ашырды.

Көз карандысыз байкоо жүргүзүү 15 узак мөөнөттүү жана 500 кыска мөөнөттүү байкоочулар тарабынан ишке ашырылган жана өлкөнүн 12 шаарын өз кулачына алган: Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Нарын, Каракол, Токмок, Кара-Балта, Кара-Суу, Кызыл-Кыя, Өзгөн. Биздин отчеттор шайлоочуларды жана талапкерлерди каттоо, саясий өнөктүктүн мүнөзү, ишмердүүлүгү түздөн-түз шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө багытталган мамлекеттик институттардын иши, өнөктүктүн ЖМКда чагылдырылышы, шайлоо боюнча келип чыккан талаштар тууралуу коомчулукка кабар берет, шайлоо процессинин канчалык деңгээлде өлкөнүн улуттук мыйзамдарына жана таза шайлоолорду өткөрүү боюнча эл аралык стандарттарга шайкеш келерине жана ошону менен бирге процедуралар, добуш берүү жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары талапкерлердин жана шайлоочулардын ишенимине татыктуубу же жокпу ошолор тууралуу чагылдырып турат.

«ЖАРАНДЫК ПЛАТФОРМА» КООМДУК ФОНДУНУН 2017 ЖЫЛЫ БОЛУП ОТКОН ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООДО ӨТКӨРГӨН КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ БАЙКООСУ БОЮНЧА ОТЧЕТУ