Рус Кырг Eng

УКМК Бекназаровго кылмыш ишин козгоду

УКМК Бекназаровго кылмыш ишин козгоду

Мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровго сотто жалган көрсөтмө берди деген айып менен кылмыш иш козголду.

Улуттук коопсуздук комитети Бекназаров “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө берген деп айыптоодо.

Кылмыш иштин козголушуна буга чейин интернетте тараган аудио жана видео тасмалар себеп болгон.

Азимбек Бекназаров болсо сотто жалган көрсөтмө бергенин четке кагып, монтаж деп атап келген эле.

Тасма Алматыга экспертизага жиберилген

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Азимбек Бекназаровго кылмыш иш козголгонун бүгүн жарыялады. Аталган комитеттин маалыматына ылайык, Бекназаров “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жалган көрсөтмө бергени аныкталды жана буга байланыштуу кылмыш иш козголду.

Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун “Азаттыкка” билдиришинче, интернетте тараган тасма жана Бекназаровго айгак чыккан айрым жарандардын арызы себеп болду:

– 2017-жылдын 15-августунда буга чейин интернет айдыңында тараган Камчыбек Ташиев менен Азимбек Бекназаровдун ортосундагы сүйлөшүүнү тиешелүү түрдө текшерүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурадан УКМКга аудио жазуу келип түшкөн. Ал жерде Бекназаровдун Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө бергени боюнча сөз болгон. Ошондой эле бул маселе боюнча comment.kg сайтынын жетекчиси Айткулова да өз арызы менен кайрылган. Анда Бекназаров Текебаев жана Чотоновдун сотунда көз көрүнө жалган айткандыгы боюнча видеосун алып келип берген. Бул тасмалардын чын-бышыгын текшерүү үчүн алар Алматыдагы экспертизага жөнөтүлгөн. Анда аталган тасмадагы үндөр Бекназаровго таандык экени жана монтаж эместиги аныкталды. Материалдардын негизинде Бекназаровго карата кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

УКМК аталган тасмалар Алматыда жасалган фоноскопиялык экспертизадан өткөрүлгөнүн билдирүүдө.

Өткөн айда интернетте Текебаевдин сотунда күбө катары берилген көрсөтмө боюнча Азимбек Бекназаров менен “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин сүйлөшүүсү деген аудиотасма тараган. Анда Бекназаровдукуна окшош үн: “Сөөгүн агарткыча калп айттым. Ар калпты айткан сайын “Кудай өзүң кечир” деп жаттым” деп сүйлөгөнүн угууга болот. Бирок Азимбек Бекназаров да, Камчыбек Ташиев да ал монтаждалган тасма экенин айтып чыгышкан эле.

Бир нече күндөн кийин comment.kg порталынын журналисти Раушан Айткулова (мурдагы фамилиялары – Качиева, Рыкунова) интернетке видео тасма чыгарган. Анда сөздөрүн видеокамера жазып жатканын этибар албаган деген Азимбек Бекназаров биринчи тараган чуулгандуу аудиодогу сөздөрдү кайра айтып: “Сотто жыгылып жаткан кишини колдоюн деп калп айттым. Калп айткан сайын “Кудай өзү кечирсин” дедим деп балдарга да айтып бердим”, – деп кайталаган.

Азимбек Бекназаров өзүнө козголгон кылмыш ишин саясат менен байланыштырды. Анын айтымында, УКМК шайлоо алдында каралоо максатын көздөөдө:

– Талапкерлердин ичинде бул бийликтен башкача үн чыгара турган, башкача сүйлөй тургандары бар. Мына ошолорду бийлик камай албаса да, жок эле дегенде каралоону көздөп жатат. Элге жаманатты кылып, жек көрсөтүүгө аракет кылууда. Ушул максат менен болуп жатса керек. Кылмыш ишти козгогон Башкы прокуратурадагы тергөөчүлөр мага окшогон эле юристтер болсо керек. Кайсы негизде иш козгоду? Себеби Текебаевдин сотунда менин көрсөтмөмдү жокко чыгарган эч бир күбө болгон жок.

БШК кабарсыз

Кыргызстандын Кылмыш кодексине ылайык, сотто атайлап жалган көрсөтмө бергени үчүн үч жылга чейин абакка кесүү каралган. Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын айтымында, бул жерде эске алуучу бир нече жагдай бар:

– Сотто сөзсүз түрдө чын көрсөтмө берем деп милдеттенме алып, кол коюп берет. Эгер аны бузса жоопкерчиликке тартылат. Бирок Бекназаров президенттикке талапкер катары катталган болсо шайлоо жөнүндө мыйзамда кылмыш жоопкерчилигине шайлоо жараяны бүткүчө тартууга болбойт деп көрсөтүлүп турат. Талапкердин иммунитети бар. Менин оюмча, Бекназаров талапкер катары катталганга чейин кылмыш иши козголсо керек.

Азимбек Бекназаров 15-октябрда өтчү президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, өткөн апта соңунда БШКнын расмий каттоосунан өткөн.

БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов Бекназаровдун талапкер катары каттоодон өткөнүн ырастап, ага карата кылмыш иш козголгону боюнча аталган органдын кабары жок болгонун билдирүүдө:

– Эгер талапкер кылмыш жасап жаткан учурда кармалса, анда камакка алынышы мүмкүн. Бирок факт боюнча кылмыш иш козголушу мүмкүн, бирок камакка алуудан шайлоо жараяны бүткүчө иммунитети бар. Эгер УКМК талапкер каттоодон өткүчө кылмыш ишин козгосо бизге кабар бериши керек эле. Бирок андай кабар берилген жок.

УКМК Азимбек Бекназаровго карата Кылмыш кодексинин кайсы беренелери боюнча качан иш козголгону жөнүндө так маалымат берген жок.

63 жаштагы Азимбек Бекназаров 2010-жылдан соң Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон. Ал чоң саясатка 2000-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болуп келип, ал кездеги президент Аскар Акаевге каршы оппозицияда болгон. 2001-жылдын аягында камакка алынып, бул окуя Аксыдагы нааразылык акциясынын чыгышына себепчи болгон. Бул окуяда алты адам каза болуп, саясий кризис жаралганда Бекназаров камактан чыгарылган.

2005-жылкы Март ыңкылабынан соң башкы прокурор болуп иштеген. Бул кызматтан кеткенден кийин бийликке карата кайра оппозицияга өткөн. Ал эми 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан кийин Убактылуу өкмөттүн төрага орун басары болуп, сот, укук коргоо органдарынын ишин тескеген.

Президент Алмазбек Атамбаев бийликке келген соң мурдагы өнөктөштөрдүн мамилеси кескин бузулуп, акыркы жылдары оппозицияда жүрөт.

https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_beknazarov_crime/28717156.html