Рус Кырг Eng

БШК жети талапкерди каттоодон баш тартты

БШК жети талапкерди каттоодон баш тартты

Борбордук шайлоо комиссиясы 4-5-сентябрдагы отурумунда дагы жети талапкердин чогулткан кол тамгаларын жараксыз деп тапты. Четтетилген талапкерлер буга нааразы болууда.

Кол тамгалары жараксыз деп табылгандардын арасында Жогорку Кеңештин эки депутаты, жарандык активисттер, ошондой эле эки лидер айым бар. Алар БШКнын бул чечимин талапкерликке өтүүгө каршы атайылап жасалган тоскоолдуктардын туундусу катары баалап жатышат.

Боршайкомдун 4-сентябрдагы жыйынында талапкерликке арыз берген Камила Шаршекеева, Рита Карасартова, Кубан Чороев, Турсунбек Акун жана Талгатбек Кожогуловдун жактоочуларынан чогулткан жарактуу кол тамгалары жетишсиз деп табылды.

БШКнын мүчөсү Алмаз Асаналиев мунун себебин төмөндөгүчө түшүндүрдү:

– Талапкерлер өзүнүн өкүлдөрүнө ишенип, көп жагдайларды текшербей калышкан. Бирок ишенимдүү адамдары кол тамгаларды көчүрүп коюшкан же жок адамдарды эле жазып коюшкан. Кээ бирлери туура эмес толтуруп салган. Баарында эле ушуга окшош кемчиликтер бар. Мына, маселен, урматтуу Турсунбек Акун 35 462 кол тамга алып келсе, анын 14 миңден ашыгы гана жарактуу болуп чыкты. Рита Карасартова чогулткан 31 706 кол тамганын 27 миңи гана жарап, калганы жарабай калды. Натыйжада булардын баарынын кол тамгалары керектүү нормага жетпей калды.

БШКнын 5-сентябрдагы отурумунда болсо талапкерлер Канатбек Исаев менен Исхак Масалиевдин кол тамгалары жетиштүү эмес деп табылды. Депутат Канатбек Исаев жарандардан 37 633 кол тамга топтолгон баракчаларды тапшырган болсо, текшерүүдө 10 миӊден ашык кол жараксыз деп табылган.

Ал эми депутат Исхак Масалиев чогулткан 36 528 кол тамга шайлоо фондунан каржыланган эмес деген жүйө менен жараксыз саналган. Масалиев өзү муну акылга сыйгыс деп эсептейт:

– БШК кол тамгалар коюлган баракчалар фонддон төлөнгөн эмес деп кине коюптур. Мен ал баракчаларды үйүмдөгү ксерокопия жабдыгынан эле көчүрүп, көбөйткөм да. Мен өзүмө-өзүм акча төлөшүм керекпи? Ошентип айтсам “мыйзам жазылган нерсени талап кылып жатабыз” дейт. Мыйзамда антип кол тамгалар түшүргөн баракча үчүн акча төлөнүшү керек деген нерсе жок. Мен эмгек сиңирген юрист, төрт жолку чакырылыштын депутаты, ошону билбей каламбы? БШКнын мен чогулткан кол тамгаларды жараксыз деп тапканын мен мыйзамсыз деп эсептейм. Бул акылга сыйбаган уят, абсурд нерсе. Тилекке каршы, жаман адаттарын Боршайком дагы деле улантып жатат. Мен булардын үстүнөн сотко арыз жазам, калганын ошол жактан териштиребиз.

Шек санаган активисттер

Боршайком “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин да талапкер катары катталуусу үчүн кол топтоодо шайлоо кампаниясынын каржылоо эрежеси бузулган деген жүйө менен аларды жараксыз деп тапкан. Текебаевдин адвокаттары БШКны сотко берип, Жогорку соттон утулуп калган.

Ушундан уламбы, айтор, кол тамгасы өтпөй калган башка талапкерлер сотко берүүдөн деле майнап чыкпайт деп турушат. Президенттикке талапкер катары катталуу үчүн арыз берген жарандык активист Рита Карасартова буларга токтолду:

– Адамдардын фамилияларын бир кол толтуруп, кол тамгасын гана башка-башка адамдар коюп койгон дешти. Ошонун натыйжасында кол тамгаларды дүңүнөн эле жараксыз деп табышыптыр. Бирок канча кол тамга чогултсак деле “булардыкын баарын жокко чыгаргыла” деген буйрутма болгон окшойт. Анткени бийликке жакпаган киши барып дебаттарда же эл алдына сөз сүйлөп, сын айтып коёт дешти окшойт. Ансыз деле мен КТРКга чыкпай калганыма үч жылдай болду. Мунун баары элге маалымат жетпесин деген эле аракет. Биз дебаттарда Кыргызстанда кандай көйгөйлөр бар, бийлик эмнени жашырып жатат, баарын ачык айтмакпыз. Бийлик ошондон коркту.

“Демократия жана жарандык коом” коалициясынын өкүлү Динара Ошурахунова болсо мыйзамга кол тамгаларды иргөө ишин татаалдатуу киргизилип жатканда ушундай шек бар эле дейт:

– Негизи кол топтоо жүрүмү маанисиз процедура болуп калды. Бул башында болгону талапкердин электораты бар экендигин аныктоо үчүн эле киргизилсе, азыр аны жарыштан жыдытуу үчүн колдонулуп калды. БШК кол тамга чогултууну татаалдатып, башка бир өлкөдөн алган форманы киргизип койду. Ошону мыйзамга киргизип жатканда ошол эле азыр катталбай калып жаткан депутаттар да кайдыгер мамиле жасап коюшкан. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин бардыгына бирдей шарт түзүп, процедуралардан баарын бирдей өткөрүп эле коюшу керек. Бул жерде БШК ролун абдан чоңойтуп алды. Эгер талапкер соттолгон болсо же күрөөгө акча төгө албаса, ошолорду эле каттабай койсо болот. Бул жерде алар шайлоого ким татыктуу, ким татыктуу эмес дегендей жыйынтык чыгарып жатат. Аны шайлоочу чечиш керек. Эгер эл колдобосо, анда шайлоодо ага добуш бербей коюшат, беришсе, ошо колунан келишинче добуш алат.

Талапкерлер тизмеси узарууда

БШК мүчөсү Алмаз Асаналиев кол тамгалар атайылап жокко чыгарылды, саясий буйрук аткарылып жатат деген дооматтарды четке кагууда.

Ошол эле кезде талапкерлердин кол тамгасын жарактан чыгаруу боюнча чечимге БШКнын айрым мүчөлөрү, тагыраагы Гүлнара Журабаева, Атыр Абдрахматова жана Назарали Арипов каршы добуш беришкен.

Канатбек Исаевдин кол тамгаларын жараксыз деп саноодо аларга Елена Жылкычиева кошулса, Исхак Масалиевди каттоодон баш тартууга Абдыжапар Бекматов да кошо каршы добуш берген.

Ошол эле күнкү жыйында талапкерлер Арсланбек Малиев, Токтайым Үмөталиева жана Арстанбек Абдылдаевдин иргелген кол тамгалары 30 миңдик босогодон ашканы маалым болду. Аталган үч жаран президенттикке талапкер катары да катталды. Алардан сырткары Улукбек Кочкоров, Таалатбек Масадыков жана Камчыбек Ташиевдер да 5-сентябрь күнү талапкер катары расмий катталды.

БШК буга чейин Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков, Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров жана Эрнис Зарлыковду талапкер кылып каттаган. Натыйжада жалпысы 13 талапкер катталды. Толук тизме 10-сентябрда белгилүү болот.

Кыргызстанда Баш мыйзамга соңку өзгөртүүлөр киргизилгенден кийинки алгачкы президенттик шайлоо быйыл 15-октябрга белгиленген.

https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_election_central_electoral_committee/28718384.html