Рус Кырг Eng

Кара-Суудагы шайлоонун оош-кыйышы

Кара-Суудагы шайлоонун оош-кыйышы

Өткөн аптада Ош облусуна караштуу Кара-Суу шаардык кеңешинин шайлоосунун жыйынтыгы коомчулукта талкуу жаратууда.

Ош облусуна караштуу Кара-Суу шаарындагы шаардык кеңешке ат салышкан аттуу-баштуу партиялардын ичинен “Республика – Ата Журт”, “Бир бол”, “Өнүгүү-Прогресс” партиялары бир дагы мандатка ээ болбой калышты.

Бул арада бир шайлоо бөлүмүнүн төрайымы жалаң КСДП партиясына добуш берген жыйырмадан ашык бюллетенди ачык көтөрүп жүргөнү андагы шайлоонун тазалыгынан шек жаратты.

3-сентябрда өткөн Кара-Суу шаардык кеңешинин шайлоосунун жыйынтыгында КСДП дээрлик 23 мандатка ээ болду. Калган 8 мандатты “Кыргызстан” жана “Мекеним Кыргызстан” партиялары алышты. “Республика – Ата Журт”, “Бир бол” жана “Өнүгүү-Прогресс” партияларына бир дагы мандат тийген жок. (Кара-Суу шаардык кеңешинде 31 депутаттык орун бар).

Жалпы алты бекетте 13 гана добуш алып, “Бир бол” партиясы күлкүлүү жагдайды жаратты. Ал партия эң аз добуш гана албастан, “Бир болдун” атынан катталган 47 талапкердин өздөрү да өз партиясына добуш бербеген болуп чыкты.

Ошентип шайлоонун бир чети таң калыштуу, бир чети күлкүлүү жыйынтыгы чыгаар замат, коомчулукту уу-дуу кеп жаралып, бул талаш-тартыштуу жыйынтыктын айланасындагы чуу алигиче басыла элек.

Бир жагынан шайлоону чагылдырган журналисттерге ыдык көрсөтүү фактысы боюнча иликтөө жүрүп жатса, экинчи жагынан шайлоонун тазалыгына шек жараткан фактылар боюнча талаштарга бир да жүйө айтыла элек.

Маселен №5265 шайлоо бөлүмүнүн төрайымы жалаң КСДП партиясы белгиленген 21 бюллетенди ачык көтөрүп жүргөнүн Арслан Эгембердиев аттуу байкоочу айтып чыкты.

– Урна иштебей калды. Анан аны текшерип көрүү үчүн бюллетенден №6 талапкерди белгилеп туруп, анан үкөккө салышкан. Мен келгенге чейин канча бюллетенди салышканын билбейм. Бирок төрайымдын колундагы бюллетендерди кармап калып, эсептегенде КСДПга добуш берилген 19 бюллетень чыкты. Эмне үчүн белгиленген бюллетенди салып атасыңар десем, белгиленбеген бюллетенди урна кабыл албайт дешти. Ошол талаштан соң, алар бюллетендерди столго коюп коюшту.

Шайлоолорго байкоо кылуу менен алектенген “Жарандык позиция” уюмунун өкүлү Элвира Икрамова белгиленген бюллетендин шайлоочудан башка адам тарабынан урнага салынышы – шайлоонун купуялуулугун бузарын айтты.

– Участкалык (бөлүмдүк) шайлоо комиссиясынын укугу таза бюллетенди шайлоочунун колуна бергенден кийин токтойт. Белгиленген бюллетенди шайлоочудан башка адам урнага салганга акысы жок. Эгерде белгиленген бюллетенди УШКнын мүчөлөрү же төрагасы колуна алса, анда добуш берүүнүн купуялуулугу бузулат. УШКнын төрагасы баш болуп, бир дагы мүчөсү бюллетень көтөрүп урнанын алдына барганга укугу жок. Эгерде мен ошол добушканада байкоочу болсом, шайлоонун тазалыгынан күмөндөп атайын акт жазмакмын. Анткени шайлоо учурунда урна текшерилбейт. Анткени анын ишке жөндөмдүүлүгүн текшерүү бир ай алдын башталат. Урна бузулса, кошумча урна иштетилиши керек.

Бул арада БШК төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматов Кара-Суудагы шайлоодон кайсы бир мыйзамсыздык далилденсе, ошол бөлүмдөгү добуштар жокко чыгарыла турганын билдирди.

– Кара-Суудагы шайлоо бонча документтер бизге али келе элек. Кагаздар келгенден кийин иликтенет. Эгерде шайлоонун купуялуулугу бузулган фактылар аныкталса, ошол участканын жыйынтыгын жокко чыгарганга чейин барабыз. Бирок мен сиздерге окшоп эле ал жердеги сөздөрдү ММКдан угуп атам. Бүгүн ал документтер биздин колубузга тийгенде, иликтеп туруп, чечим кабыл алуу процедураларына өтөбүз.

Ал арада Ош аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү Расулбек Кадыров БШК төрайымы Н.Шайлдабекова Кара-Суудагы шайлоого өзү барганда да эч кандай арыз-даттануулар болгон эмес деп билдирди.

– Айрым бюллетендердин көлөмү 8 миллиметрге узун болуп калыптыр. Ошолорду салганга аппарат кабыл албай койгон. Анан аларды кыркып, өлчөмүн тууралагандан кийин гана аппарат кабыл алган. Азыр доомат айтып аткандар мүмкүн ошол бюллетендер тууралуу айтып жатышы мүмкүн. Анткени ошол күнү БШКнын төрайымы өзү келип, ошол Кара-Суудагы шайлоонун жүрүшүнө көз салып турду. Ошол күнү бир да партиянын өкүлү же бейөкмөт уюмдун байкоочусу эреже бузуулар тууралуу ооз ачышкан жок.

Чындыгында эле жергиликтүү шайлоолор үчүн чыгарылган бюллетендердин ичинен 4 миңдейинин көлөмү 8 миллиметр чоң болуп калганы айтыла баштады.

Учурда ал бюллетендер үчүн ким жооп берээри аныктала элек. Бюллетендер Бишкектеги “Учкун” басмаканасында басылган.

Кара-Суу шаардык кеңешиндеги 31 орунга 6 партиянын өкүлдөрү ат салышкан. Добуш берүүгө укуктуу деп катталган 9 миңден ашык шайлоочунун 5 миңден ашыгы шайлоого катышкан.

Бул шайлоо быйыл 15-октябрга белгиленген Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдында өткөндүгү да коомчулук назарын бурууда. Кыргыз бийликтери алдыдагы орчун шайлоо эч кандай бурмалоолорсуз өтөт деп элди расмий ишендирген.

https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_osh_kara-suu_council_election/28722721.html