Рус Кырг Eng

Бишкекте Кыргызстандын саясий партияларынын өкүлдөрү жана талапкерлер үчүн тренинг болуп өттү.

Кыргызстандагы Президенттик шайлоо алдында «Жарандык Платформа» Коомдук фонду ушул жылдын 12-августунда талапкерлер жана саясий партиялардын өкүлдөрү үчүн шайлоо процессиндеги жаңычылдыктар жана шайлоо процессинин негиздери боюнча тренинг өткөрдү.

Негизги максат – Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин өкүлдөрүнө жана саясий партияларга шайлоо процессинин негиздери тууралуу маалымат берүү жана шайлоо мыйзамдарындагы жаңычылдыктар менен тааныштыруу.

Тренингде, КР Президенттигине талапкерлерден жана Кыргызстандын саясий партияларынан баары биригип 30 өкүл катышышты.

Тренингдин жүрүшүндө талапкерлерге жана саясий партия өкүлдөрүнө төмөнкү маалыматтар көрсөтүлдү:
• 2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр жана концептуалдык жоболор;
• Талапкерди каттоо менен байланышкан маселелер. Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкердин статусу жана ролу;
• Шайлоо алдындагы үгүт. Үгүт жүргүзүүдөгү негизги аспектилер;
• Шайлоочулардын тизмесиндеги тактоолордун жигердүүлүгүн жогорулатуу боюнча Электорат менен бирге иш алып баруу;
• Шайлоо процессинин жүрүшүндөгү укук бузуулар үчүн мыйзамда каралган жоопкерчилик маселелери жана башка бир катар маселелер;
• Шайлоо талаштарын даттануу тартиби.

Тренинг «Аң-сезимиң менен танда! Сен өлкөңдүн келечеги үчүн жооптуусуң!» аталышындагы маалыматтык-билим берүү өнөктөштүгүнүн алкагында өткөрүлдү.

Эсиңиздерге салабыз, өнөктөштүктүн негизги максаты, шайлоо процесси жана андагы жаңычылдыктар, жарандардын негизги шайлоо укуктары жана добуш берүү процедуралары тууралуу өлкө калкын кабарландыруунун деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

Өнөктөштүктүн алкагында, жигердүү жарандар, саясий партиялардын өкүлдөрү, ЖӨБ органдары жана биринчи жолу добуш берип жаткан жарандар үчүн шайлоо укуктары боюнча баары биригип 20 тренинг өткөрүлөт.

Өлкөнүн 20 шаарында добуш берүү процедураларынын негизги маселелерин түшүндүрүү боюнча жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча шайлоочулар менен маалымат жыйындары өткөрүлөт.

Бишкек жана Ош шаарларында эки маалыматтык-ресурс борборлору (МРБ)иштешет, ал жерде жарандар адистерден кесиптик консультацияларды жана шайлоо укугу жана процесси тууралуу керектүү маалыматтарды ала алышат.

Өнөктөштүктүн алкагында көрсөтүлүүчү материалдар жана шайлоо процессинин эрежелери боюнча нускамалар таратылат. Материалдар жарандарды шайлоочулардын тизмесинен тактоо боюнча маалыматтарды, шайлоо алдында жана шайлоо учурундагы укук бузуулар жөнүндө, мыйзамда белгиленген жоопкерчилик тууралуу маалыматтарды камтыйт. Ошондой эле, добуш берүү үчүн жөнөкөй кадамдар, жарандардын добуш берүү процедуралары жана башка бир катар пайдалуу маалыматтар көрүүгө боло турган түшүнүктүү формада баяндалып жазылган.

Ушул демилге Швейцария элчилигинин колдоосу астында «2017-жылкы Президенттик шайлоолорду өткөрүүдө мамлекетке көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатат.