Рус Кырг Eng

Бакыт Төрөбаев президенттик кызматка ат салышарын билдирди

Бакыт Төрөбаев президенттик кызматка ат салышарын билдирди

Бул тууралуу ал өзүнүн партиясынын көчмө жыйынында жарыялады

Бүгүн, 10-февралда Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына ат салыша турган дагы бир талапкердин ысымы белгилүү болду. Мамлекет башчысына талапкер болорун парламеттин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев билдирди.

Бул тууралуу ал өзүнүн партиясынын көчмө жыйынында жарыялады.

“Мен Кыргызстандын саясий мейкиндигинде өкмөт башчынын ролун күчтөндүрүүнү колдойм”,-деп билдирди Төрөбаев.

Ал ошондой эле президент алмашканда өлкөдө мураскерлик сакталышы керек деп эсептерин кошумчалады.

Маалымат үчүн: Бакыт Төрөбаев 1973-жылы 5-апрелде туулган. “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери. 2007-жылдан бери үч ирет Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген.

http://www.vb.kg/kabarordo/doc/272809_bakyt_torobaev_prezidenttik_kyzmatka_at_salysharyn_bildirdi.html