Рус Кырг Eng

Бул ирет “Өнүгүү — Прогресс” менен КСДПнын депутаттары талашып-тартышышты

Бул ирет “Өнүгүү — Прогресс” менен КСДПнын депутаттары талашып-тартышышты

Жогорку Кеңеште референдум бюллтенине ар бир беренени жазуу сунушу кызуу талкууга алынды.

Аталган сунушту “Өнүгүү — Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев киргизип, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеген депуттар буга каршы чыгышты.

Эске сала кетсек, референдум жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатат. “Кечээ күнү комитетте сунуш киргизсем колдоо тапкан жок. Ал сунушка ылайык Баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу бюллетенге ар бир берене жазылышы керек. Коомчулукта Конституцияда элибиз экиге бөлүнүп кетти деген маалыматтар чыгууда.

Биз бардык өзгөртүүлөргө бир эле добуш берип коебузбу деп жатышат. Мен эң жакшы вариант сунуштап жатам.

Эл сот, мамлекеттик кызматкерлер, өкмөт башчы тууралуу өз пикирлерин айтышы керек.

Эч кандай ызы-чуу болуп кетпейт”, — деди Төрөбаев. “Өнүгүү — Прогресс” фракциясынын лидери эл кайсы беренелерге добуш берип жатканын билиши керектигин кошумчалады.

Ал эми КСДП лидери Иса Өмүркулов аталган сунушту ишке ашыруу үчүн техникалык мүмкүнчүлүк жок экенин билдирди. “Биринчиден, Конституцияны өзгөртүүнүн мыйзамдуулугу боюнча. Мен референдумду өзгөртүү боюнча Конституциялык палатанын отурумуна катышып келдим. Андыктан, Баш мыйзамды өзгөртүүдө эч кандай мыйзам бузуу болгон жок.

Эми Төрөбаевдин сунушу боюнча. Учурда 25 беренеге 36 өзгөртүү киргизилип жатат. Эгерде баарын бюллетенге жазсак, юристтерге да кыйынчылык жаралат. Техникалык жактан да мүмкүн эмес. Конституция боюнча бийлик ээси — эл. Андыктан эл чечет”, — деди Өмүркулов.

http://sputnik.kg/politics/20161012/1029697390/referendumda-ar-bir-bereneni-byulletenge-zhazuu-sunushu-ajtyldy.html