Рус Кырг Eng

«Жарандык лидерлик мектеби «PRO Жаран» Лидерлик программасына катышуучуларды кабыл алууну жарыялайт

«PRO Жаран» Лидерлик программасы – мамлекеттик башкаруунун, эл аралык жана улуттук тажрыйбасы бар өнүктүрүү уюмдарынын кесипкөй адистерин Жарандык активдүүлүк боюнча онлайн курсу менен башталат.

Бул курста жарандардын мамлекеттик башкарууну, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө жана жарандардын укуктарын коргоого катышуусуна дем берүү боюнча стратегиялар жана ыкмалар талкууланат!

Биз мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүнүн жана байланыштын ар кандай инструменттерин карап чыгабыз, Кыргызстандын жарандарынын керектөөлөрүнө жана мамлекеттик органдардын жана бийлик органдарынын аларды чечимдерди кабыл алуу процесстерине тартууга даярдыгына негизделген туруктуу өнүгүү механизмдерин иштеп чыгабыз.

Жарандардын, айрыкча аялдардын, жаштардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын  пикирин угууга өзгөчө көңүл бурулат.

Бул курска улуттук, аймактык жана жергиликтүү бийлик органдарынын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле жарандык активисттер катыша алышат.

Программанын негизги темалары:

  • Лидерлик!
  • Адам укугу жана мамлекет: кантип өз ара аракеттенүү жана керектүү маалыматты алуу керек?
  • Бийликтин үч бутагы жана мамлекеттик деңгээлде чечимдерди кабыл алууда жарандардын ролу;
  • Жарандардын ачык маалыматтарга жеткиликтүүлүгү жана маалыматтык коопсуздук;
  • Шайлоо  процесстери жана шайлануучу органдар менен өз ара аракеттенүү;
  • Аялдардын саясий лидерлиги жана гендердик теңчиликти камсыз кылуу;
  • Сот органдарында өз укуктарыңарды кантип коргоо керек?

Бул  курс Сиздерге төмөнкүлөргө жардам берет:

  • Чечимдерди кабыл алуу процессинде өзүңүздүн ролуңузду жана милдеттериңизди, ошондой эле өнөктөштөрүңүздүн ролун аныктоого;
  • Ачык өкмөттү, анын ичинде ачык маалымат боюнча демилгелерди илгерилетүү үчүн  зарыл болгон шарттарды аныктоого;
  • Аялдардын жана жаштардын чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышуусун жогорулатуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга;
  • Социалдык жоопкерчиликти жогорулатуу үчүн инструменттерди аныктоого.

Курс эки агым менен 100 катышуучуга эсептелинген.

Биринчи агым: 2023-жылдын апрель – июну, 50 адам (орус тилиндеги топ)

Экинчи агым: 2023-жылдын август-октябры, 50 адам (кыргыз тилиндеги топ)

Курс өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • 3 ай сабактар;
  • 2 сааттан 7 лекция, иштелип чыккан  онлайн материалдар, презентациялар (ар бир сабакка үй тапшырмасы, текшерүүчү тесттер болот);
  • Онлайн-берүүлөр, мында эксперттерге, машыктыруучуларга суроо берүү мүмкүнчүлүгү болот;
  • Лидерлик мектеби менен кайтарым байланыш курс өтүүчү бүткүл убакытта  + бүткөндөн кийин 1 ай болот;
  • Топтогулардын (группадагылардын) чаты.

Өткөн жылы 300 адам окуудан ийгиликтүү өтүшкөн! Сиз да аракет кылыңыз!

Өздөрүн активдүү көрсөтө алышкан курстун ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрү өкмөттүк эмес сектордогу алдыңкы уюмдарда стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Эгерде сиз активдүү позициядагы жаран болсоңуз, өз квалификацияңызды жогорулатып, бүтүндөй мамлекеттик башкаруу системасын изилдеп, чечимдерди кабыл алуу процессине активдүү катышкыңыз келсе, анда биз Сиздин толтурулган анкетаңызды күтөбүз.

Билдирме берүүнүн акыркы мөөнөтү:  2023-жылдын 1-апрели.

Толтурулган билдирмелер гана кароого кабыл алынат!

Төмөнкү шилтеме боюнча анкетаны  толтуруңуз: https://forms.gle/nL7Ffd1bR1ez1LM38

Маалыматтык-агартуу өнөктүгү “Демократиялык институттарды, шайлоо процесстерин бекемдөөгө жана маалыматтарды коргоо механизмдерин күчтөндүрүүгө көмөк көрсөтүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлүп, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосунда “Жарандык платформа” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.