Рус Кырг Eng

Состоялся Общественный диалог «Участие гражданского общества в разработке Стратегии Жогорку Кенеша КР до 2027 года» в онлайн-формате«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2027-жылга чейинки Стратегиясын иштеп чыгууга жарандык коомдун катышуусу» аталыштагы коомдук диалогу онлайн форматта өттү

Состоялся Общественный диалог «Участие гражданского общества в разработке Стратегии Жогорку Кенеша КР до 2027 года» в онлайн-формате«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2027-жылга чейинки Стратегиясын иштеп чыгууга жарандык коомдун катышуусу» аталыштагы коомдук диалогу онлайн форматта өттү

13-октябрда ZOOM платформасында «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2027-жылга чейинки Стратегиясын иштеп чыгууга жарандык коомдун катышуусу» аталыштагы коомдук диалогу болуп өттү. Талкууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жетекчиси Бакытбек Мажитов, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин Демократиялык институттар боюнча улуттук кеңешчиси Жаннат Соронбаева жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Иш-чараны ачып жатып, «Жарандык платформа» коомдук фондунун директору, модератор Айнура Усупбекова иш-чаранын максаты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2027-жылга чейинки Стратегиясынын долбоорун талкуулоо, пикир алмашуу жана жарандык коом өкүлдөрүнүн парламентти өнүктүрүү боюнча сунуштарын угуу экенин белгиледи. Айнура Усупбекова кошумчалагандай, жыйынга 30га жакын уюмдун өкүлдөрү катышууда.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жетекчиси Бакытбек Мажитов өз сөзүндө парламенттик институтту өнүктүрүү боюнча көрүлүп жатка иш-аракеттер үчүн жолугушуунун катышуучуларына ыраазычылык билдирди.

«Стратегиянын долбоору парламенттин ишинин ачык-айкындуулугун камсыздоо, кабыл алынган мыйзам долбоорлорунун сапатын жогорулатуу, жарандык коом менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу аркылуу өкүлчүлүк, мыйзам чыгаруу, контролдоо функцияларынын натыйжалуулугун арттыруу максатында иштелип жатат», – деген Бакытбек Мажитов, Жогорку Кеңешти институционалдык жана эксперттик-аналитикалык жактан өнүктүрүү механизмдерине кеңири токтолду.

«Жогоруда айтылган принциптер 2021-жылга чейинки Стратегияда каралган, алардын айрымдары бүтпөй калган жана бүгүнкү күндө актуалдуу. Жарандык коомдун салымы Жогорку Кеңештин өнүгүүсүнө жаңы көз караштарды алып келерине терең ишенебиз. Сиздердин  идеялар, долбоорлоруңуздар жумушчу топ тарабынан каралып, Стратегияга киргизүү сунушталат», – деп кошумчалады Бакытбек Мажитов.

Өз кезегинде ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин демократиялык институттар боюнча улуттук кеңешчиси Жаннат Соронбаева коомдук диалогго катышып жаткандарга ыраазычылык билдирди. «Чечим кабыл алуу процесстери мүмкүн болушунча ачык-айкын, калктын жана жарандык коомдун кеңири катышуусунда болгон учурда гана адам укуктары толугу менен сакталат. Ошондуктан, биздин кеңсе мамлекеттик органдар менен жарандык коом институттарынын алакаларынын натыйжалуу моделин калыптандырууга колдоо көрсөтөт», – деди Ж.Сооронбаева.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңешке караштуу Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борборунун директору Бактыбек Такенов Жогорку Кеңештин жарандык коом, бейөкмөт уюмдар жана Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен кызматташууга жана биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууга кызыкдар экенин билдирди. «Өткөн жумада биз Жогорку Кеңештин 2027-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча биргелешкен иштерди жүргүздүк. Биз эксперттик коомчулуктун конструктивдүү сунуштарына ачыкпыз», – деп жыйынтыктады Б.Такенов.

Андан соң талкуу алкагында КР 2027-жылга чейинки өнүгүү Стратегиясына жарандык коом өкүлдөрүнүн сунуштары угулду.

http://kenesh.kg/ky/news/show/12620/sostoyalsya-obshtestvenniy-dialog-uchastie-grazhdanskogo-obshtestva-v-razrabotke-strategii-zhogorku-kenesha-kr-do-2027-goda-v-onlayn-formate