Рус Кырг Eng

Бишкекте шайлоонун табы кайта элек

Бишкекте шайлоонун табы кайта элек

25 шаардык жана 418 айылдык кеңештин шайлоосунун жыйынтыгы расмий жарыяланды. Бирок арыз-дооматтар көп болгондуктан Бишкек шаарындагы шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу кечеңдеп жатат. Шайлоодо өтпөй калган төрт партия кайра добуш берүүнү талап кылса, уткан партиялар да бири-бирин мыйзам бузууга айыптап жатат.

Бишкек шаарында шайлоодон өткөн да, өтпөгөн да партиялар бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү таратып, айрымдар шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылууда.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов борбор калаада өткөн шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу иши эмнеге кечигип жатканын түшүндүрдү.

“Шайлоодон четтетилген Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы” боюнча Жогорку соттун чечимин күтүп жатканбыз. Алар сотко 21-апрелде кайрылып соттук иштер жүрдү. Соттук процесстерге убакыт кеткендиктен, 17-майга чейин убактыбыз бар. Бирок, биз 14-майда расмий жыйынтыкты жарыялаганы жатабыз”.

Бишкек АШКсынын төрагасы Кайрат Маматов учурда укук-коргоо органдарына жазылган арыздар каралып жатканын, жалпы 228 шайлоо участокторунун жетөөсүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылганын белгиледи.

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамда добуш берүүнүн жыйынтыгы 30 күндөн ашык эмес убакытта чыгарылышы керектиги жазылган. Ошондо 11-майда жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоонун жыйынтыгы расмий чыгышы керек болчу.

Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаарынын жыйынтыгын чыгарууга даяр экени белгилүү болду. Ал эми Токмок шаарындагы шайлоо 3-майда жокко чыгарылган. Ага шайлоочулардын бир үйгө жапырт каттоого турганы себеп болгону маалымдалган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов буларды билдирди.

“Жергиликтүү кеңештерди шайлоонун расмий жыйынтыгы 7-майда “Эркин Тоо” гезитине жарыяланган. Учурда беш кеңештин жыйынтыгы талаш жаратып жатат. Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шайлоонун жыйынтыктарына карата арыз-дооматтар БШКнын жана укук коргоо органдарынын кароосунда. Мындан тышкары Базар-Коргон районунун Арстанбап жана Ноокендеги Бүргөн айылдык кеңештеринин да жыйынтыктары чыга элек. Ал жерлерде да арыздар бар. Биз аларды мүмкүн болушунча тезирээк караганга аракет кылып жатабыз”.

Кыргызстандын саясий жана экономикалык борбору болгон Бишкек шаарындагы шайлоонун жыйынтыгы чоң талаш-тартыш жаратты. Шайлоого катышып, жети пайыз босого чектен өтпөй калган “Реформа”, “Ыйман нуру”, “Социал-демократтар”, “Республика” партиялары 10-майда президент Садыр Жапаровго жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине кайрылды.

Анда добуш сатып алган партияларды кайра шайлоого катышуу укугунан ажыратуу менен жаңы шайлоо жарыялоону талап кылышкан. Төрт партия Бишкек шаарында алдыңкы орунду алган “Эмгек” жана “Ак-Бата” партияларын добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонууга айыптады.

“Шайлоодон өткөн алты партиянын ичинен төрт партия добуш сатып алуу болгон деп айтып жатат. Өздөрү добуш сатып алганын айткан жок, бирок шайлоо туура эмес өттү деп айткандар бар. Мисалы, “Ак-Батанын” лидери Нариман Түлеев айтты. “Ынтымак” партиясынын лидери Марлен Маматалиев, “Биздин Эл”, КЭДП партиясы шайлоону кайра өткөрүүнү талап кылууда. Шайлоону жокко чыгарбаса деле добуш сатып алган партияларды четке чыгарыш керек”, – деди социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков.

11-майда БШКнын астында Бишкекте өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өттү. Митингге “Кыргызстан коммунисттери”, “Улуу Журт”, “Бүтүн Кыргызстан” партияларынын он чакты өкүлү чыкты.

Бишкекте 15 миңге жакын добуш алып, үчүнчү орунду ээлеген Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы шайлоодон четтетилгенден кийин добуштар кайра эсептелип, жети пайыздык босого чектен өтпөй калган партиялардын өтүү мүмкүнчүлүгү бардыгы айтылган.

“Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова шайлоону жокко чыгаруу үчүн мыйзам бузуулардын саны маанилүү экенин айтты.

“Шайлоону жокко чыгарууну талап кылып төрт партия билдирүү тараттык. “Ак-Бата” партиясы мандаттан баш тартып жатпайбы. Мандаттан баш тартса кандай болору мыйзамда так жазылган эмес. Ал эми шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн мыйзам бузуулардын саны маанилүү. Мыйзам боюнча шайлоочулардын добушунун үчтөн бири жокко чыкса, шайлоо жыйынтыгы да жокко чыгат. Ал эми КЭДП шайлоодон четтетилгенден кийин, шайлоо босогосунан өтпөй калган партиялар илинип калары белгисиз. “Жараксыз” деп табылган добуштарды эсептеп чыкканда катышуунун саны өзгөрөт да. Бирок, ошол эле кезде жокко чыгарылган шайлоо участокторунда биздин добуштар да жокко чыгып жатат”.

Бишкекте өткөн шайлоодо экинчи орунду ээлеген “Ак-Бата” партиясынын жетекчилиги Борбордук шайлоо комиссиясы “Эмгекке” чара көрбөсө, алар депутаттык мандаттан баш тарта турганын билдирген. Партия лидери Нариман Түлеев жаңы шайлоо өткөрүүнү, ага “Эмгек” партиясын катыштырбоону талап кылууда.

“Бир ай ичинде “Эмгек” партиясы эмне гана кылган жок? Болгон үй комитеттерин, квартал башчыларын сатып алыптыр. Бир да башка партияларды жолоткон жок. Бардык жергиликтүү бийлик, акимдер иштеди. Бул ишке Борбордук шайлоо комиссиясы, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы көзүн жумса, милиция көңүл бурбаса эмне кылыш керек? Бир гана ушул жол калды. Ушинтип Салымбековдорду токтотуш керек болуп жатпайбы”.

“Дордой” ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков негиздеген “Эмгек” партиясы Түлеевдин билдирүүлөрүн “Бишкектин мэрлик оруну тийбей калганына ич күйдүлүк кылып жатат” деп сыпаттаган.

“Эмгек” партиясынан депутаттыкка талапкер Руслан Жакышов шайлоо салыштырмалуу таза өткөнүн айтты.

“Эмгекке” алсыз партиялар чабуул жасап жатат. Элдин добушун албай калып, айласыздан ушундай кадамга барышууда. Бул жолу чын-чынына келгенде эң таза шайлоо болду деп так кесе айта алам”.

Ал арада Бишкектин Арча-Бешик конушундагы 73-кварталдын тургундарынын “Эмгек” партиясын айыптаган жана жактаган маалымат жыйындары өттү.

“Эмгек” партиясы Кыргызстан боюнча тогуз шаарда шайлоо босогосунан өттү. Алардын ичинен Бишкек жана Токмок шаарларында биринчи орунду алган. Борбордук шайлоо комиссиясы 4-майда Токмок шаарында өткөн шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарды. Токмокто “Эмгек” партиясы 31 мандаттын 16сын ээлеген.

11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо алты партия шайлоо босогосунан өткөн. Алар: “Эмгек”, “Ак-Бата”, Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы, “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ынтымак”, “Биздин Эл”. Кийин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы КЭДПны добуш сатып алуу фактысына байланыштуу шайлоодон четтеткен. Бишкек АШКсынын чечимин БШК жана Жогорку сот күчүндө калтырды.

https://www.azattyk.org/a/bishkekte-shayloonun-taby-kayta-elek/31249382.html