Рус Кырг Eng

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча «Референдумду дайындоо жөнүндө » (бүткүл элдик добуш берүү) КР Мыйзамынын долбооруна ТАЛДОО ЖҮРГҮЗҮҮ

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча   «Референдумду дайындоо жөнүндө » (бүткүл элдик добуш берүү)  КР Мыйзамынын долбооруна ТАЛДОО ЖҮРГҮЗҮҮ

«Жарандык платформа» КФ «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн (мамлекеттик башкаруу формасын) аныктоо боюнча   референдумду (бүткүл элдик добуш берүү) дайындоо жөнүндө»  КР Мыйзамынын долбоорун жана аталган мыйзам долбооруна документтердин топтомун Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу демилгелеринин кабыл алуу жол-жоболоруна ылайыктуулук предметине талдоо даярдады.

Жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөндөй, референдумду дайындоо жөнүндө (аны мөөнөтүнөн мурда Президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү)  мыйзамдын демилгеленген долбоору (Жогорку Кеңештин депутаты  А.У. Жапаров тарабынан, 2020-жылдын 30-ноябрында) Жогорку Кеңеш тарабынан “КР Өкмөтү жөнүндө”, “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” жана “КР ЖК Регламенти жөнүндө” мыйзамдарын одоно бузуу менен каралууда жана кабыл алынууда.

Андыктан жүргүзүлгөн талдоону эки негизги блокко бөлүү зарыл деп эсептейбиз.

1) Мыйзамдын долбоорун кароо тартибин бузуу жана жарандын, адамдын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин чектеген мыйзам долбоорун кабыл алуу.

Референдумду дайындоо жөнүндө мыйзамдын долбоору мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылууга тийиш болгонбелгилүү бир чыгымдарга алып келет.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзамдардын долбоорлору Өкмөт тарабынан каржылоо булактары аныкталгандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн экендигине көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Алсак “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык Өкмөт мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзамдардын долбоорлоруна расмий корутундуларды берүү жолу менен мыйзам чыгаруу ишине катышат.

Мыйзам долбоорлоруна Өкмөттүн расмий корутундусу Өкмөттүн токтому менен таризделет.

Мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзамдардын долбоорлору Өкмөт каржылоо булагын аныктагандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.

Мында “Кыргыз Республикасынын ченемдик уккутук актылары жөнүндө”   Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы менен ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келген ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булактары аныкталганга чейин кабыл алынууга жатпайт.

Мына ошентип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары референдумду дайындоо жөнүндө мыйзамдын долбоорун кабыл алуу үчүн  Жогорку Кеңеш милдеттүү тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен таризделген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий корутундусун алышы керек, анда мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын так суммасын чагылдыруу жана каржылоо булактарын аныктоо зарыл.

Бирок, Кыргызстандын коомчулугунда референдумду дайындоо жөнүндө мыйзамдын долбооруна расмий корутунду берген Өкмөттүн кабыл алынган токтому жөнүндө маалымат жок.

Мындан тышкары референдумду дайындоо жөнүндө мыйзамдын долбоору шашылыш кабыл алынган учурда “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 115-беренесинин 3-бөлүгү аркылуу ишке ашырылган    Конституциянын 51-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда белгиленген мыйзамдарды жана республикалык жана жергиликтүү маанидеги чечимдерди талкуулоодо жана кабыл алууда жарандардын  катышуу укугу бузулат, ага ылайык мындай мыйзам долбоорлору боюнча парламенттик угууларды Жогорку Кеңештин жооптуу комитети (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет) тарабынан өткөрүшү милдеттүү болуп саналат.

Мында “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  20-главасынын жоболоруна ылайык  мыйзамдын долбоорлору боюнча парламенттик угууларды даярдоого жана өткөрүүгө конкреттүү күнгө чейин жок дегенде 10 күн  талап кылынат.

Тыянак: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорлорун кароонун көп жылдык практикасы көрсөткөндөй, ушундай мыйзам долбоорлорун кабыл алууда жооптуу комитеттер төмөнкүлөрдү камсыз кылышкан:

– Өкмөттүн расмий корутундусун алуу жана андан кийин гана биринчи окууда мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө чечим кабыл алышкан.   Бирок, мыйзамдын көрсөтүлгөн долбоору боюнча Өкмөттүн расмий корутундусу алынган эмес;

– парламенттик угууларды “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө милдеттүү тартипте өткөрүү”.

Мисалы,  2016-жылы төмөнкү мыйзам долбоорлорун кароодо жана кабыл алууда ушундай болгон:

“Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүү) дайындоо тууралуу ;

– 2015-2019-жылдары шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоорлорунун топтомун.

Ошону менен бирге мыйзам долбоорунда жана ага негиздеме-маалымкатта көрсөтүлгөн референдумду өткөрүү датасына шайкеш эместикке (техникалык бузууларго) көңүлдү бурабыз.

Алсак, референдумду дайындоо жөнүндө мыйзамдын долбоорунун 1 жана 2-беренелерине ылайык референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жекшемби күнү, 2021-жылдын 10-январында дайындоо  жана 1-маселени алып чыгуу сунушталууда: “Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкаруунун кайсы формасын Сиз колдойсуз? – Парламенттик же Президенттик.

Бирок, негиздеме-маалымкатта, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 1,2 жана 4-беренелерине шилтеме кылып, референдумду 2020-жылдын 4-октябрында референдум (бүткүл элдик добуш берүү) дайындоо сунушталат.

Тыянак: көрсөтүлгөн жагдай “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”   Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин  экинчи абзацын жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун “а” пунктчасын бузууга алып келет, анткени жарандарга референдумду дайындоо жөнүндө мыйзамдын долбоору кабыл алынан учурда жарандарга болжолдуу жетишиле турган жана чечиле турган максаттар жана милдеттер түшүнүксүз болууда.

Муну менен бирге  Жогорку соттун Конституциялык палатасынан 2020-жылдын 2-декабрындагы Чечиминин жүйөө бөлүгүнө көңүл бурууну зарыл деп эсептейбиз, анда “Реформа” саясий партиясынан К.С. Сооронкулованын, ошондой эле жарандар  Н.А Касымбековдун жана Т.Б. Усубалиевдин кайрылууларына байланыштуу  төмөнкүдөй укуктук позиция (“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”   Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтото туруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын конституциялуулугун текшерүү иши боюнча) билдирилген.

“…Укуктук мамлекетте коомдук мамилелердин мүмкүн болуучу жападан-жалгыз жөнгө салуучусу катары мыйзамдын сапатын аныктоочу анын жол-жоболук легалдуулугу (мыйзамдуулугу), тактап айтканда анын ченем чыгаруу эрежелер жана аны кабыл алуу жана басып чыгаруу жол-жоболору жөнүндө конституциялык жана мыйзам чыгаруу жазма буйруктарга ылайык келиши болуп саналат.

Жарандарды ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоого тартуу эл алдында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачыктыгынын жана жоопкерчилигинин  жана алардын өз ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында жүргүзүү конституциялык принцибин камсыз кылуу боюнча механизмдеринин бири катары чыгат. (Конституциянын 3-беренесинин 3-пункту).

… мыйзам чыгаруу органынын мандатын сактоо менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши  пророгация мезгилинде коом алдында саясий жоопкерчиликтин жогорку деңгээлин көрсөтүп жана өз ишинде акылга сыярлык кармануу принцибин жетекчиликке алышы керек.  Башкача айтканда    Жогорку Кенеш өзгөчө зарылчылык менен чакырылган жана кечиктирилгис мүнөздө болгон чечимдерди, тактап айтканда өлкөдөгү социалдык-саясий кырдаалды турукташтырууга, ар кандай түрдөгү  кризистен жана социалдык чыңалуудан арылууга, укук тартибин, мамлекеттин жана жарандардын коопсуздугун, Өкмөттүн ишин  камсыз кылууга, ошондой эле бийликти бөлүштүрүү принцибинин эффективдүү иштөөсүн колдоого багытталган чечимдерди кабыл алышы керек”.

Тыянак: Жогорку соттун Конституциялык палатасы конституциялык контролдоону жүзөгө ашырган бирден бир жогорку мамлекеттик орган катары укуктук мамлекетте коомдук мамилелердин мүмкүн болуучу жападан-жалгыз жөнгө салуучусу катары мыйзамдын сапатын аныктоочу анын жол-жоболук легалдуулугу (мыйзамдуулугу), тактап айтканда анын ченем чыгаруу эрежелер жана аны кабыл алуу жана басып чыгаруу жол-жоболору жөнүндө конституциялык жана мыйзам чыгаруу жазма буйруктарга ылайык келиши деп  так аныктайт, демек Жогорку Кеңеш тарабынан бул жол-жоболорду бузуусу жол берилгис, анткени ал жарандын жана адамдын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин бузууга алып келиши мүмкүн.

Мындан тышкары референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам өлкөдөгү социалдык-саясий кырдаалды турукташтырууга, ар кандай түрдөгү  кризистен жана социалдык чыңалуудан арылууга багытталган өзгөчө зарылчылык менен чакырылган чечимге кирбейт,  тескерисинче коомдо белгилүү бир социалдык чыңалууну түзүп, бүткүл элдик добуш берүүгө чыгарылуучу маселени коюуга карабастан референдум өткөрүүгө каршы ар жумада (дем алышта) жарандык коомдун өкүлдөрүнүн митингдерди жана жүрүштөрдү өткөрүүсү анын көрсөткүч белгисинин бири катары  саналарын белгилейбиз.

2) Референдумду өткөрүү боюнча уюштуруу маселелери

2020-жылдын 8-декабрына карата абал боюнча  референдумду дайындоо жөнүндө мыйзамдын долбоорун ачык булактардан алынган маалыматтарга ылайык  сурамжылоо жолу менен  3-декабрда  Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин 17 мүчөсүнүн 9 депутаты жактырган, жана ушул эле күнү кезексиз тартипте Жогорку Кеңештин жыйналышынын күн тартибине киргизилген жана талкуу жүргүзүлгөн, бирок кворумдун жоктугунан улам добуш берүү жол-жобосун өткөрүүгө мүмкүн болгон жок, демек, мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ал тургай биринчи окууда да кабыл алына элек. Качан жана кайсы мөөнөттөрдө биринчи жана экинчи окууда кабыл алынат али белгисиз.

Ушуну эске алып, референдумду дайындоо жөнүндө мыйзамдын долбоорун кабыл алуу жана аны 2021-жылдын 10-январында   Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо менен бирге өткөрүү кандай болбосун референдумду өткөрүүнүн негизги принцибин бузууга, тактап айтканда  айкындуулук жана коомчулуктун катышуу принцибин бузууга алып келээри шексиз, анткени Кыргыз Республикасынын жарандарын жана коомчулугун маалымдоо үчүн, эгерде Жогорку Кеңеш  Мыйзамды 11-декабрга чейин кабыл алууну пландаса, бир айдан аз убакыт (мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө –  окуулардын жана парламенттик угуулардын ортосундагы  10 күндөн кем эмес жумушчу күндүн ичинде)  берилет.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу түзүлүшүн референдум өткөрүү жолу менен аныктоо  – мындай маанилүү маселе боюнча жарандарды жана коомчулукту маалымдоо үчүн мындай кыска мөөнөт жалпысынан  үгүт жүргүзүүгө, анын ичинде түзүүгө, андан кийин референдумга чыгарылуучу маселенин “макул” же “каршы” тобун Борбордук шайлоо комиссиясында каттоого  жарандардын укуктарын чектейт.

Референдумду даярдоо жана өткөрүү үчүн мындай чектелген убакыт  “макул” же “каршы” тобун түзүүнү жана   Борбордук шайлоо комиссиясында каттоону, ошондой эле алардын ишин жөнгө салуучу “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым жоболорунун бузулушуна алып келет.

Алсак, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  23-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын жарандары референдумга чыгарылган маселеге  (маселелерге )  “макул” же “каршы”  үчүн үгүт жүргүзүүгө укуктуу экендиги белгиленген.

Кыргыз Республикасынын жарандары референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден кийинки  күндөн референдумга чыгарылган маселеге  (маселелерге )  “макул” же “каршы”  топторун түзүүгө укуктуу. Аталган топтор каттоо жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына  өтүнүч менен кайрылышат, анда топтун мүчөлөрүнүн, топтун атынан иш алып барган ыйгарым укуктуу адамдардын   фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы, жашаган дареги, паспортунун же анын алмаштырган документтин сериясы жана номери көрсөтүлүшү керек.

Борбордук шайлоо комиссиясы 10 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен үгүттөө боюнча топту каттайт.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  25-беренесинин 5-бөлүгүнө, 26-беренесинин 3-бөлүгүнө, 28-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык эфирдик убакыттын өлчөмү жана төлөө шарттары жөнүндө маалыматтар  тийиштүү  телерадиоуюмдар тарабынан референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 10 календарлык күндөн кечиктирбестен референдумга чыгарылган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүү үчүн  эфирдик убакытты  берүүгө даяр экендиги жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына кабарлоо менен жарыяланууга тийиш.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары референдумду өткөрүү боюнча аймактык комиссиялардын сунушу боюнча референдум  дайындалган күндөн тартып 35 календардык күндүн ичинде ар бир участканын аймагында басма үгүт материалдарын жайгаштыруу жөнүндө атайын орундарды бөлүүсү жана жабдуусу  керек.  

Басма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн орундар референдумдун катышуучуларынын баруусу үчүн ыңгайлуу болушу керек жана  референдумдун катышуучулары  маалымат менен  тааныша алгыдай жайгашуусу керек. “Макул” тобуна жана “каршы” тобуна басма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бирдей аянтча бөлүнүшү керек. Бөлүнгөн орундардын аянты аларда шайлоо комиссияларынын маалыматтык материалдарын жана  “макул” тобунун жана “каршы” тобунун басма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн жетиштүү болушу керек.  “Макул” тобу жана “каршы” тобу референдум өткөрүү боюнча тийиштүү аймактык комиссиясынан басма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн орундардын тизмесин алууга укуктуу.

Ал эми “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  31-беренесинин 4-бөлүгүндө добуш берүү үчүн бюллетендин формасы жана тексти Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан референдум өткөрүү күнүнө чейин 20 календарлык күн мурда бекитилет деп белгиленген.

Тыянак: Жогорку Кеңеш референдумду дайындоо жөнүндө мыйзамдын долбоору кабыл алына элек жана кайсы мөөнөттөрдө кабыл алынаары белгисиз болгон кырдаалда бул кандай болбосун мамлекеттик маанидеги маанилүү маселе боюнча анын негизинде референдум (бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүлүп жаткан  атайын конституциялык Мыйзамдын жогоруда белгиленген жоболорун одоно бузууга алып келет.

Анализ законопроекта_Референдум_kg