Рус Кырг Eng

Иса Өмуркулов: премьер-министр болуп шайланган депутаттын мандаты сакталат

Иса Өмуркулов: премьер-министр болуп шайланган депутаттын мандаты сакталат

Иса Өмуркулов: премьер-министр болуп шайланган депутаттын мандаты сакталат

Конституцияга жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоор коомдук талкууга коюлду.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, премьер-министр же вице-премьер болуп шайланган депутаттардын мандаты сакталат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КСДП фракциясынын лидери Иса Өмуркулов билдирди. 

Эске сала кетсек, референдум өткөрүү менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан” жана “Республика-Ата-Журт” фракциялары көтөрүп чыккан. 

“Эгерде долбоор кабыл алынса премьер-министр, же вице-премьер болуп шайланган депутаттын мандаты сакталат. Ал регламент боюнча жыйындарга катышып, добуш берүүгө укуктуу болот”, — деди Өмуркулов. 

Буга чейин өкмөт башчылыка жана вице-премьерликке келген депутаттар мандатынанан ажыратылып келген.

http://sputnik.kg/politics/20160802/1028328535.html