Рус Кырг Eng

Өкмөт тууралуу мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү эмнеге алып келет?

Өкмөт тууралуу мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү эмнеге алып келет?

Укук таануучулар Кыргызстандагы мыйзамдар жакшы, бирок алар иштебейт деп айтышканда, мында топ чындык бар экени белгилүү. Бирок биздин депутаттарда, ошондой эле Өкмөттө дагы, бул ырастоого башкача көз караш бар экени көрүнүп турат, анткени алар мыйзамдардын “иштебей калышы” менен күрөшүүнү ашыкча деталдаштыруу жана тактоо жолу менен жүргүзүшөт, алар ачыктыкка караганда андан да көп чаташууга алып келет. Коомдук талкууга жакында коюлган “Өкмөт жөнүндө” конституциялык мыйзамга түзөтүүлөр мунун өзүн тастыктайт.

Биринчиден, “мыйзам жазуучулардан” эч ким эмне үчүн Кыргызстанда Өкмөт жөнүндө (парламент тарабынан аныкталган жана бекитилген орган жөнүндө), соттордун статусу жөнүндө, Жогорку соттун Конституциялык палатасы жөнүндө мыйзамдар (алар дагы парламент тарабынан шайланат) конституциялык, ал эми депутаттын статусу жөнүндөгү, парламенттин контролдук функциялары жөнүндөгү, Жогорку сот жөнүндө мыйзамдар жөн гана мыйзамдар болуп саналаары тууралуу ойлонушкан эмес. Эгерде бул органдардын же кызмат адамдарынын баардыгы мамлекеттик бийликтин бир тармагынын башында турганын эске алсак, анда алардын ишмердүүлүгүн жөнгө салган актылардын статусу да бирдей болушу керек. Мындан жок дегенде депутаттардын статусу жөнүндөгү мыйзамды конституциялык рангга жеткирүү керек, антпесе “өтүгү жок өтүкчү” болуп калат.

Экинчиден, мыйзам жаратуу укугуна ээ болгон эки гана активдүү жана негизги субъектилер өзүлөрүнүн “чарбактарын” бөлүштүрө алышпай жатышат жана керек болгон жерге эмес башка жакка түзөтүүлөрдү киргизүүгө аракет кылып, ал эми кээде эбин таап жатышат, аны менен алар мыйзадардын предметтүулүгүн бузуп жатышат. Талкууланып жаткан Өкмөт жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөр да ошондой эле. Эмне үчүн Өкмөт жөнүндө мыйзамда Жогорку Кеңештин Премьер-министр менен Өкмөттүн отчетунун форматын бекитүү укугун караш керек? Бул жерде бул форматтар кандай мазмунда болушу керек экендигин жазып отурбай эле төмөнкү мазмундагы директивдүү нормалар туура келмек: “Өкмөт жана Премьер-министр жыл сайын Жогорку Кеңешке алар бекиткен форматта отчет беришет”.

Үчүнчүдөн, түзөтүүлөр менен ар бир мамлекеттик органда милдеттүү түрдө болбогон жана башынан эле мыйзамда каралбаган кеңешүүчү органдардын түшүнүктөрүн жана аттарын киргизүүнүн кажети жок. Мисалы, өкмөт жөнүндө мыйзамда министирликтердеги жана ведомстволордогу коллегиялар каралган эмес, бирок депутаттар түзөтүүлөр менен киргизип жатышат жана “коллегиялар – көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын (министирликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун) ишмердүүлүгүн координациялоо үчүн түзүлгөн кеңешүүчү органдар” түшүнүгүн берип жатышат, муну менен көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарга мындай коллегияларды түзүүнү милдеттендирип жатышат. Аткаруучу органдардын коллегияларында Өкмөттүн мүчөлөрүнүн катышуусунун эрежеси Өкмөттүн Регламентинде бекитилген, андыктан, Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларынын тиешелүү органдардын коллегияларында катышуусу жөнүндө түзөтүүлөрдү “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Мыйзамда бекитилсе болмок, анда ал туура болмок.

Демилгечилер тарабынан сунушталган баардык түзөтүүлөрдүн ичинен, менин көз карашым боюнча, Өкмөт тууралуу Мыйзамдын 32-беренесине түзөтүү киргизүү максатка ылайыктуу жана актуалдуу болуп саналат, анткени аткаруучу органдардын кызмат адамдарынын жоопкерчилигин парламенттин отурумдарында анык эмес маалымат бергендиги үчүн, талаптарга “куру жооп жазганы” үчүн, маалыматтарды берүүдө бейукук баштартуу үчүн кызматтан бошотууга чейин карайт. Бул түзөтүүнү кабыл алуунун логикалык себептери комитеттердин, комиссиялардын, депутаттардын талаптарына сапаттуу эмес “куру жооп жазуулар”; кызмат адамдарынын коюулган суроолорго даярдалбаган докладдары, компетенттүү эмес докладчиктердин кимдир-бирөөнүн ордуна негизсиз келүүлөрү, парламенттик комиссияларга алар изилдеп жаткан суроолор боюнча материалдарды берүүдөн баш тартуу болуп саналат. Бул норманын артынан Өкмөттүн жана мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жакшы жакка жылдыруу жагынан жогору өсүү мүмкүңдүгү бар, бирок кээ бир депутаттар тарабынан керек эмес кызмат адамына “субъективизмди” көрсөтүүгө алып келиши да мүмкүн.

Бул мыйзам долбоору менен кийинки шилтеме аркылуу кирип таанышууга болот: http://www.kenesh.kg/ru/article/show/6579/na-obshtestvennoe-obsuzhdenie-s-20-marta-2020-goda-vinositsya-proekt-konstitutsionnogo-zakona-kirgizskoy-respubliki-o-vnesenii-izmeneniy-v-konstitutsionniy-zakon-kirgizskoy-respubliki-o-pravitelystve-kirgizskoy-respubliki

Макаланын автору – Жаннат Ковальчук, парламентаризм боюнча адис.