Рус Кырг Eng

Бир суткада коронавирус 22 адамдан табылды, 38 бейтап айыгып чыкты

Кыргызстанда 22-апрелге карата соңку бир суткада коронавирус дагы 22 адамдан табылды. Алардын ону Бишкекте, Чүй облусунда экөө, Ош шаарында төртөө, Ош облусунда бирөө, Жалал-Абад облусунда төртөө, Нарын облусунда бирөө.

Анын айтымында, бир суткада 38 бейтап айыгып чыкты.

Ошентип, бүгүнкү күнгө карата илдет жуккандардын жалпы саны өлкөдө 612 кишиге жетти. Алардын жетөө каза тапты, 254 бейтап айыгып чыкты.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулган.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөттү 20-24-апрель болот деп божомолдоп жатат.

https://www.azattyk.org/a/30569349.html