Рус Кырг Eng

Кыргызстанда COVID-19 ооруга чалдыгуунун динамикасы

Кыргызстанда 15-апрелге карата соңку бир суткада 19 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.

Ошентип, бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 449 болду. Булардын ичинен беш бейтап каза болгону мурда кабарланган.

Мекеменин маалыматына караганда, соңку бир суткада жети бейтап айыгып чыкты. Жалпысынан сакайып кеткендердин саны 78.

Оору жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 98ге жетти. Алардын 15инен (Бишкек – 3,
Ош облусу – 2, Ош шаары -10) бул илдет акыркы бир сутка ичинде аныкталды.

Республика боюнча оору жуккан 449 адамдын арасынан:

Жалал-Абад облусунда – 93
Ош облусунда – 130
Ош шаарында – 71
Чүй облусунда – 28
Бишкек шаарында – 82
Баткен облусунда – 5
Нарын облусунда – 34
Ысык-Көл облусунда – 6.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. 14-апрелде мындай абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөттү 20-24-апрель деп божомолдоп жатат.

https://www.azattyk.org/a/30555136.html