Рус Кырг Eng

КТРКда ““Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок ишмердүүлүгү жөнүндө”” мыйзам долбоорун талкуулоо

КТРКда ““Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок ишмердүүлүгү жөнүндө”” мыйзам долбоорун талкуулоо

Кечээ, 2022-жылдын 13-майында «Жарандык платформа» коомдук фонду КТРК телеканалынын Биринчи Студия программасынын түз эфирине чакырылды.

“Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок ишмердүүлүгү жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоого Мамлекеттик Финансылык көзөмөлдүн төрагасынын орун басары Марат Пирназаров жана коомдук ишмер Мавлян Аскарбеков да катышты.

“Жарандык платформа” коомдук фондунун юристи – Анара Дарбанова биз жүргүзгөн “Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок ишмердүүлүгү жөнүндө” мыйзам долбоорунун талдоосуна токтолду. Ал жакшыртууну талап кылган жагдайларды, бюджеттин киреше бөлүгүндө оюн бизнесинин дүйнөлүк практикасын белгилеп, Жарандык платформа КР Экономика жана коммерция министрлигине жөнөткөн сунуштары тууралуу маалымат берди.

Чакыруу үчүн КТРК телеканалына жана Мээрим Маданбековага ыраазычылык билдиребиз.

Түз эфир шилтемеде: https://fb.watch/cYFVsPUxGa/