Саясий партияларды мамлекеттик каржылоо жана мониторинг жүргүзүү
2019-жылдын 30-июлунан тартып коомдук талкууга “Саясий партиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору чыгарылган. Мыйзам долбоорунун демилгечисинен болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Т. Алтыбаева саналат.
Жалпысынан, мыйзам долбоору саясий партияларды мамлекеттик каржылоо идеялары жана партиялардын финансылык каражаттарына мониторинг жүргүзүү механизмдери менен кызыктуу. Алар боюнча кийинчерээк кеңири токтолобуз.
Мыйзам долбоорунун жалпы жоболорунда саясий партиялардын мыйзамдуулук, ыктыярдуулук, ачык-айкындуулук, шайлануучулук, отчет берүүчүлүк, партиянын мүчөлөрүнүн тең укуктуулугу, басмырлабоо, гумандуулук, толеранттуулук, көз карандысыздык, коллегиалдуулук, өз алдынча башкаруучулук, зомбулуктан баш тартуу сыяктуу иш принциптери белгиленет. Мындай ченем эл аралык укук стандарттарынан алганда кыйла позитивдүү болуп саналат.
Алсак, ачык-айкындуулук принцибине ылайык, мыйзам долбоорунун демилгечиси ченем сунуш кылууда, ага ылайык саясий партиялар ачык-айкын иш алып барат, партиянын программасы, уставы, жетектөөчү, аткаруучу, контролдоо-ревизиялык жана башка органдарынын курамы, шайлоолор менен байланышкан жана/же коомдук-саясий таламды көрсөткөн саясий партиянын иши, финансылык отчеттуулук, талапкерлерди көрсөтүү тартиби жана партиянын ишине тиешелүү башка маалымат пайдалануу үчүн ачык болууга тийиш. Ошентип, бул ченем жарандарга жана бардык кызыкдар субъекттерге саясий партиялардын иши тууралуу маалыматты ачык ала алышат.
Мыйзам долбоору ошондой эле аялдар жана эркектер, ар кандай этникалык таандыктагы адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн партиянын ишинде катышууга, анын ичинде өз талапкерлигин шайлануучу кызматтарга көрсөтүүгө тең укукту белгилейт. Мында, мыйзам долбоорунда саясий партияларды диний, этникалык негизде түзүүгө тыюу салуу белгиленет. Бирок, саясий партиялардын мүчөлөрүн дин тутуусу же этникалык таандыгы белгиси боюнча басмырлоого тыюу салуу белгиленет.
Саясий партияларды түзүү жана каттоо бөлүгүндө өзгөрүүлөр каралган эмес, башкача айтканда саясий партия кеминде Кыргыз Республикасынын 10 жаранынын демилгеси боюнча түзүлүшү мүмкүн болгон тартип сакталууда. Бул ченем эл аралык коомчулук тарабынан дайыма алгылыктуу баа берилип келген, анткени жалпы принцип болуп саясий партияларды түзүүнүн жана каттоонун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби санала тургандыгын белгилей кетүү зарыл.
Мыйзам долбоору саясий партияга мүчө болуу, мүчөлүктөн чыгуу маселесине байланышкан бир катар маанилүү беренелерди камтыйт, саясий партиялардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин белгилейт.
Саясий партиялардын ишин жөнгө салуу бөлүгүндө мыйзам долбоору милдеттүү түрдө саясий партиянын уставы камтууга тийиш экендигин белгилеген бир катар ченемдерди камтый тургандыгын белгилей кетүү зарыл. Уставдын башка жоболорунун ичинде милдеттүү жоболордо партияга мүчө болуп кирүү жана андан чыгуу тартиби, түзүү тартиби, анын жетектөөчү, аткаруучу, контролдоо-ревизиялык жана башка органдарынын компетенциясы жана ыйгарым укуктарынын мөөнөтү, шайлоолорго жана башка иш-чараларга катышуу тартиби, депутат болууга, башка шайлануучу кызматтарга талапкерлердин тизмесин түзүү тартиби, саясий партиянын мүлкүнүн пайда болуу булактары жана анын пайдалануу тартиби, фракциялар жана саясий партиянын ортосундагы өз ара аракеттенүү тартиби сыяктуу маанилүү маселелер белгиленет. Мыйзам долбоору саясий партиялардын органдарына, аларды шайлоо тартибине жана компетенциясына карата минималдуу негизги талаптарды да камтыйт.
Саясий партиялардын ишин каржылоо бөлүгүндө демилгечи саясий партияларды каржылоо тыюу салынган булактарды мыйзам деңгээлинде так белгилөө сунуш кылынууда. Бул чет мамлекеттердин, алардын юридикалык жактарынын, филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн), чет өлкө жарандарынын жана жарандыгы жок адамдардын эсебинен, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары жана юридикалык жактары, эл аралык уюмдар жана кыймылдар, уюштуруучуларынан чет өлкө жарандары болуп саналган юридикалык жактар жана эгерде алардын үлүшү 30 жана андан ашык пайызды түзгөн юридикалык жактар, кайрымдуулук, диний уюмдар ж.б. аркылуу каржылоого тыюу салуу дегенди түшүндүрөт.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактардын эсебинен партияларды каржылоо боюнча мыйзам долбоорунда саясий партия тарабынан Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынан алынган кайрымдуулуктун жалпы өлчөмү жылына 500 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш, ал эми саясий партия тарабынан ар бир юридикалык жактан алынган кайрымдуулуктун жалпы өлчөмү жылына 1000 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш экендигин белгилейт.
Мамлекеттик каржылоо
Мыйзам долбоорунун демилгечиси саясий партияларды мамлекеттик каржылоо маселесин киргизүүнү сунуш кылууда. Жалпысынан бул идея өлкөнүн саясий жана укуктук мейкиндигинде мурдатан бери айтылып келет жана бул идеяга макул сыяктуу, каршы да болгон көптөгөн тараптар бар. Саясий партияларды мамлекеттик каржылоо кеңири таралган дүйнөлүк тажрыйба болуп санала тургандыгын белгилей кетүү зарыл.
Мамлекеттик каржылоонун негизги максаты саясий партияларды колдоодо жана олуттуу финансылык ресурстарга ээ мүчөлөрдүн партияга таасирин төмөндөтүүдөн турат.
Биздин өлкөбүздөгү улуттук шайлоолорго катышып жаткан саясий партиялардын көпчүлүк бөлүгү дээрлик олигархтарды каржылоодон толук көз каранды экендигин эске алуу менен мамлекеттик каржылоону киргизүү партиялардын мындай мүчөлөрүнүн ички партиялык чечимдерди кабыл алуу процессине тийгизген таасири маселесин алып салуу бөлүгүндө болушу мүмкүн.
Мамлекеттик каржылоо алуу үчүн саясий партиялар бир катар талаптарга жооп берүүгө тийиш. Алсак, мамлекеттик бюджеттен каржылоону Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча республикалык шайлоо аймагы боюнча добуш берүүгө катышышкан шайлоочулардын кеминде 2% добушун алган партиялар ала алат. Депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө кирүү үчүн саясий партиялар үчүн 2020-жылдын январь айынан тартып добуш берүүгө катышышкан шайлоочулардын 9% добушун түзө тургандыгын эске салабыз. Ошентип, мамлекеттик каржылоо парламентке өтпөй калып, бирок кеминде 2% алган саясий партиялар да ала алат.
Мында, шайлоочулардын 2% добушунан тышкары, саясий партия төмөнкү шарттарга да жооп берүүгө тийиш:
- талапкерлердин тизмесинде бир жыныстагы талапкердин 60 пайыздан ашпоого тийиш, мында талапкерлердн тизмесинде саясий партиялардан көрсөтүлгөн аялдардын жана эркектердин кезегинин айырмасы эки позициядан ашпоого тийиш;
- 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 20 пайыздан кем болбоого;
- ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 20 пайыздан кем болбоого;
- кеминде 3 талапкердин – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада жана тартипте анык жана толук отчетторду өз учурунда берүүгө.
Ошентип, мамлекеттик каржылоодон пайдалануу үчүн талапкерлердин тизмесин түзүү бөлүгүндө партияларга карата “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамда белгиленген талапка караганда, кыйла жогорку талаптар белгиленүүдө. Кыязы, бул ченем, этностук азчылыктардын, жаштардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын өкүлдөрүнүн болуусунун кыйла жогорку пайызын камсыздоого умтулуусу менен шартталган.
Мыйзам долбоору ошондой эле республикалык бюджеттин өлчөмүнөн эсептелинген мамлекеттик каржылоонун өлчөмүн жана партиялардын ортосунда бөлүштүрүү тартибин камтыйт.
Саясий партияларга мониторинг жүргүзүү
Учурда орун алган көйгөйлөрдүн бири болуп саясий партиялардын финансылык каражаттары, аларды түзүү булактары, кирешелер жана чыгашалар статьялары тууралуу маалыматтын жоктугу көйгөйү саналат. Бул маселени чечүү максатында демилгечи механизм сунуш кылууда, ага ылайык саясий партиялар жыл сайын Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына финансы жөнүндө отчет берип турат. Мындай отчеттун формасы Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан иштелип чыгат. Саясий партиялардан алынган отчетторду Борбордук шайлоо комиссиясы ачык пайдалануу менен өзүнүн сайтында жайгаштырып турат.
Мындай түрдөгү тажрыйбаны КМШ өлкөлөрүндө (Россия, Молдова, Грузия) сыяктуу эле, Европа өлкөлөрүндө да кеңири жайылтылгандыгын белгилей кетүү зарыл. Көпчүлүк учурларда партиялардын финансылык каражаттарына мониторингди же көз карандысыз мамлекеттик орган катары шайлоо комиссиясы жүргүзүп келет же жаңы атайын орган түзүлөт, анын милдетине саясий партиялардын финансы ишине мониторинг, ал эми бир катар өлкөлөрдө жоопкерчиликке тартуу кирет.
Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы негизинен, финансылык партиялардын отчетторун жайгаштыруу үчүн коомдук аянтчанын ролун аткарат. Мында, мониторинг жүргүзүү жана жоопкерчиликке тартуу маселелери ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын компетенциясында калат.