Рус Кырг Eng

Паспортко улутту жазбоо сунушуна каршы акция өтөт

Паспортко улутту жазбоо сунушуна каршы акция өтөт

Бүгүн Бишкекте бир катар саясий партия, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү борбордогу “Ала-Тоо” аянтынан Мамлекеттик каттоо кызматына чейин жөө жүрүшкө чыгышат. Алар паспортко улутту жазбоо демилгесине каршы нааразылык билдиришет. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири, “Жаңы муун” жаштар кыймылынын төрагасы Мавлян Аскарбеков маалымдады.

Жарандын улуту көрсөтүлбөй турган паспорттун жаңы үлгүсү боюнча долбоорду Мамлекеттик каттоо кызматы сунуштаган. Мекеме жетекчиси Тайырбек Сарпашев паспорттогу “бешинчи графаны” алып салуу жарандык биримдикти бекемдөөгө багытталганын айткан эле.

http://www.azattyk.org/a/27855291.html