Рус Кырг Eng

10-11 март күндөрү «Жарандык платформа» КФнун жана «Тандем» юристердин коомчулугунун кызматкерлери «Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоого багытталган мыйзамдарды кабыл алуу боюнча конструктивдүү чараларды иштеп чыгуунун жаңы социалдык технологиялары” аттуу тренингке катышты.

10-11 март күндөрү «Жарандык платформа» КФнун жана «Тандем» юристердин коомчулугунун кызматкерлери «Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоого багытталган мыйзамдарды кабыл алуу боюнча конструктивдүү чараларды иштеп чыгуунун жаңы социалдык технологиялары” аттуу тренингке катышты.

Бул тренингдин максаты дизайндык ой жүгүртүү куралдарын практикалык колдонуу боюнча көндүмдөрдү өнүктүрүү болгон:

• Өлкөдө КР ЖК депутаттары тарабынан жарандардын пайдасына кабыл алынган мыйзамдардын сапатын жогорулатуу үчүн инновациялык чечимдерди түзүү
• Конститутцияга каршы мыйзамдардын кабыл алынышын болтурбоодо дизайндык ой жүгүртүү методологиясын колдонууда
• «Адам укуктарынын Бүткүл дүйнөлүк декларациясын» колдонуучуга багытталган мамиле аркылуу илгерилетүү үчүн жарандардын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен өз ара аракеттенүүсү боюнча жол картасын иштеп чыгуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо

Дизайндык ой жүгүртүү – аналитикалык эмес, чыгармачылыкка негизделген инженердик, бизнес жана башка маселелерди чечүү методологиясы. Дизайндык ой жүгүртүүнүн негизги өзгөчөлүгү, аналитикалык ой жүгүртүүдөн айырмаланып, критикалык талдоо эмес, кээде эң күтүлбөгөн идеялар маселенин эң жакшы чечилишине алып келген чыгармачыл процесс.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү көйгөйлөрүн талкуулашты, бул көйгөйлөрдү чечүүдө кызыкдар тараптарды аныктоо боюнча жол картасын моделдешти. Жол картасын түзгөндөн кийин ар бир топ негизги көйгөйдү формулировкалап, аны чечүү үчүн идеяларды жаратып, ишке ашыруу үчүн ырааттуу иш-аракеттерди түзүштү.

Биздин тренерлерибизге – «Балдардын укуктарын коргоочулар лигасы» КФнын негиздөөчүсү Назгүл Турдубековага жана «Жарандык платформа» КФнын директору Айнура Усупбековага «Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоого багытталган мыйзамдарды кабыл алуу боюнча конструктивдүү чараларды иштеп чыгуунун жаңы социалдык технологиялары» тренингин өткөргөндүгү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.

Тренерлер дизайндык ой жүгүртүүнүн концепциясын жана принциптерин ийгиликтүү киргизип, бардык катышуучулар жаңы методологияны үйрөнүү процессине сүңгүп кирген атмосфераны түзүштү. Ошондой эле, алар өлкөдөгү адам укуктарын илгерилетүү боюнча чечимдерди издөө процессине активдүү катышкан.