Рус Кырг Eng

Жогорку Кеӊеште парламенттик көпчүлүк коалициясы түзүлдү, премьерликке С.Жээнбеков көрсөтүлдү

Жогорку Кеӊеште парламенттик көпчүлүк коалициясы түзүлдү, премьерликке С.Жээнбеков көрсөтүлдү

Бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеӊештин жыйынынын жүрүшүндө КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов парламенттик көпчүлүк коалициясы түзүлүп, келишимге кол коюлганын жарыя кылды.
Анын айтымында, парламенттик көпчүлүк коалициясынын курамына КСДП (36 мандат), «Кыргызстан» (18 мандат), «Бир Бол» (12 мандат) фракциялары кирди. Баардыгы – 68 мандат.

«КРнын премьер-министри кызмат ордуна Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги көрсөтүлдү», – деди И.Өмүркулов.
Эске салсак, мурдагы КСДП, «Кыргызстан», «Өнүгүү – Прогресс», «Ата Мекен» фракцияларынан турган парламенттик көпчүлүк коалициясы ушул жылдын 26-октябрында таркатылган.

http://barakelde.turmush.kg/news:314145