Рус Кырг Eng

Жергиликтүү кеңештерди шайлоонун мөөнөтү белгисиз

Жергиликтүү кеңештерди шайлоонун мөөнөтү белгисиз

12-апрелге белгиленип, бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу белгисиз мөөнөткө калтырылган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо качан өтөрү азырынча белгисиз. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңеште депутат Элвира Сурабалдиеванын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Шайлдабекованын сөзүнө караганда, Боршайком жергиликтүү кеңештерге шайлоону парламенттик шайлоого чейин өткөргүсү келет.

«Албетте, биз үчүн жергиликтүү кеңештерди шайлоо парламенттик шайлоого чейин өтүп кетсе жакшы болмок. Бирок баары өлкөдөгү кырдаалдан көз каранды. Абал оңолуп, өзгөчө кырдаал алынып, өкмөт бизге сунуш берсе, өткөрүүгө даярбыз», – деди Шайлдабекова.

БШК төрайымынын айтымында, жергиликтүү кеңештерди шайлоого азыр катталган саясий партиялар катыша алышат.

Кыргызстанда 12-апрелде беш шаар жана 25 айылдык кеңешке шайлоо өтмөк. Буга чейин Ош, Каракол, Токмок, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаардык кеңештерин шайлоого катышуу үчүн 22 саясий партия катталган. Алар 13-марттан тартып үгүт өнөктүгүн жүргүзүп жаткан. Айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин үгүт иштери 22-мартта башталмак.

Коопсуздук кеңешинин 21-марттагы чечими менен шайлоого байланыштуу бардык өнөктүк, үгүт иштери өлкөдө эпидемиологиялык абал калыбына келгенге чейин токтотулган. Ага ылайык, шайлоонун жаңы мөөнөтү аныкталган соң шайлоо өнөктүгү кайсы баскычта токтотулса, ошол жерден улантылат.

Ал эми парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт.

https://www.azattyk.org/a/30611388.html