Рус Кырг Eng

Укук коргоочу өзгөчө кырдаалда ӨЭУ боюнча мыйзам коомдук талкууга коюлганын сындады

Укук коргоочу өзгөчө кырдаалда ӨЭУ боюнча мыйзам коомдук талкууга коюлганын сындады

Укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева парламентте өкмөттүк эмес уюмдар (ӨЭУ) боюнча мыйзам долбоору өлкөдө өзгөчө режим учурунда коомдук талкууга коюлганын сындады. Бул тууралуу укук коргоочу «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Мамасалиева «Демилгечилер карантин күндөрү коомдук талкуу өткөргөнү саботаж эмеспи?» деп суроо салды. Укук коргоочу бул антикризистик долбоор эмес экенин белгилеп, мыйзамды ушундай кырдаалда талкуулоону туура эмес деп эсептейт.

Парламенттин сайтында 22-майда саат 10:00дө Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өткөрөрү жазылган. Анда иш-чара парламентте өтөрү кабарланган.

Учурда Бишкекте өзгөчө кырдаал режими уланууда. Бийлик жарандарды топтошпоого чакырып жатат. Ал эми мыйзам долбоору боюнча коомдук талкууга депутаттардан сырткары бардык кызыкчылыгы бар тараптар катышууга укуктуу.

Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүүчү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов баштаган депутаттар тобу иштеп чыгып, коомдук талкууга январь айынын башында койгон.

Март айынын башында Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган. «Макул» деп 100 депутат добуш берди. Тогуз депутат каршы болгон.

Эгер мыйзам кабыл алынса, коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү болот. Бул талапты аткарбаса мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу аракети 2014-жылы да болгон, анда бул аракет ишке ашкан эмес. Былтыр Европа Биримдиги Кыргызстандагы жарандык коомдун ролунун жакшы жагын баса белгилеп, өкмөттүк эмес уюмдардын каржылоосуна көзөмөлдү күчөтүү тууралуу чакырыктарга тынчсыздануусун билдирген.