Рус Кырг Eng

Сооронбай Жээнбеков: “Мен Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү 100%га колдойм”

Сооронбай Жээнбеков: “Мен Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү 100%га колдойм”

Мен Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү 100%га колдойм. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков парламенттин жыйынында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Депутаттын айтымында, Конституциянын 88-беренесине ылайык, Өкмөт башчы катары премьер-министр ички саясатты жүргүзөт. “Бүгүнкү күндө Конституция маселеси коомдо кызуу талкууланууда. Биз, депутаттар элдер сыяктуу эле сунушталып жаткан жаңы Конституцияга байланыштуу пикириңизди билгибиз келип жатат”,-деди Б.Төрөбаев.

Өкмөт башчы С.Жээнбеков Башмыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү 100%га колдой турганын айтты. “Мен бул жөнүндө мурда эле айткам. Конституцияга сунушталып жаткан толуктоолорду 100%га колдойм жана Конституцияга өзгөртүүлөр мурда эле киргизилиши керек болчу деп ойлойм”,-деп белгиледи ал.

Депутаттын эгер коалиция таркаса, анда жаңы өкмөт түзүлөт жана жаңы адамдар келет, буга кандай карайсыз деген суроосуна премьер-министр эгер азыркы коалиция таркаса, анда жаңы өкмөт түзүлөт деп жооп берди. “Ким келерин жаңы коалиция чечет. Бул алардын иши. Биз аткаруу бийлиги катары коалициянын ишине аралаша албайбыз. Бизди сиздер дайындагансыздар, мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша иштеп жатабыз”,-деди С.Жээнбеков.

http://kabar.kg/kyr/politics/full/77174