Рус Кырг Eng

Шайлоо босогосун төмөндөтүүчү мыйзам долбоору парламентте ача пикир жаратты

Шайлоо босогосун төмөндөтүүчү мыйзам долбоору парламентте ача пикир жаратты

Шайлоо босогосун тогуз пайыздан жети пайызга чейин түшүрүү маселесин карап жаткан Жогорку Кеңештин айрым депутаттары бул мыйзамды карап чыккан тармактык комитеттин төрагасы Канат Керезбековду мыйзамсыздыкка жол берди деп айыпташты.

«Республика – Ата Журт» фракциясынын мүчөсү, депутат Мирлан Жээнчороев Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент комитетинин төрагасы Канат Керезбековду мыйзам бузбоого чакырды. Ал шайлоо босогосун беш пайызга чейин түшүрүү тууралуу мыйзам долбоору комитетте каралбай, андан кийин жети пайыз сунушталган мыйзам долбоору каралып калганын белгилеп, Керезбековдон ишке өзүм билемдик менен мамиле кылбоону талап кылды. Ага чейин комитет төрагасына «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү, депутат Исхак Масалиев да ушундай эле доомат койду.

Комитеттин төрагасы Канат Керезбеков эч кандай мыйзам же регламент бузулбаганын белгилеп, баары депутаттардын макулдугу менен ишке ашырылганын айтты.

Талашка акыркы чекитти Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков койду. Ал эч кандай регламент бузулбаганын белгилеп, иш өз нугунда жүрүп жатканын айтты.

Шайлоо босогосун жети пайызга чейин түшүрүү тууралуу жаңы мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусуна 7-февралда чыгарылган. Аны иштеп чыккан топтун курамында 21 депутат бар.

Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу беш пайыз болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында жети пайыз болуп өзгөртүлгөн. 2017-жылы тогуз пайызга көтөрүлгөн.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт.