Рус Кырг Eng

«Республика – Ата Журт» көпчүлүк коалицияга кирбейт, бирок Конституцияга өзгөртүүлөрдү колдойт

«Республика – Ата Журт» көпчүлүк коалицияга кирбейт, бирок Конституцияга өзгөртүүлөрдү колдойт

Жогорку Кеӊештин «Республика – Ата Журт» фракциясы парламенттик көпчүлүк коалициясына кирбейт.

Бул тууралуу фракция лидери Өмүрбек Бабанов Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда билдирди.
«Биз парламенттик көпчүлүк коалициясына кирбейбиз, бирок Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү колдойбуз», – деди ал.

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясы ушу тапта фракциялар менен парламенттик көпчүлүк коалициясын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

http://barakelde.turmush.kg/news:314026