Рус Кырг Eng

Парламенттин комитети референдум өтүүчү күндү бекитти

Парламенттин комитети референдум өтүүчү күндү бекитти

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети референдум өткөрүү жөнүндөгү мыйзам долбоорду үчүнчү окууда жактырды. Чечим бүгүн, 1-ноябрда кабыл алынды.

Мыйзам долбоордо КРнын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча референдумду 11-декабрда өткөрүү сунушталган. Жыйынтыгында мыйзам долбоорго комитеттин 9 мүчөсү «макул», 1 мүчөсү «каршы» добуш берди.

11-декабрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын да шайлоо өтөт.

http://www.turmush.kg/news:313936