Рус Кырг Eng

Парламентте Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору катталды

Парламентте Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору катталды

Кыргызстандын парламентинде “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу мыйзам долбоору катталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорунда айтылат:

Эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин бирден бир булагы болгон Кыргызстандын элинин эркин билүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун жана 114-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ушул Мыйзамды кабыл алды.

1-берене

Кыргыз Республикасынын бардык аймагында референдум (бүткүл элдик добуш берүү) 2016-жылдын 4-декабрына жекшембиге дайындалсын.

2-берене

Кыргыз Республикасынын жарандары кабыл алышы үчүн “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору референдумга чыгарылсын (тиркелет).

3-берене

Добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилүүчү суроону төмөнкүдөй берүү бекитилсин:
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши долбоорун референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) чыгарган “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын

ООБА ЖОК

(тандап алынган квадратка тиешелүү белгини коюңуз)”.

4-берене

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу боюнча:
1) референдумду уюштуруучулук, материалдык жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин, ошондой эле ушул Мыйзамдан келип чыккан башка маселелерди чечсин;
2) референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн мезгилинде коомдук тартипти, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоону камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары менен тыгыз өз ара аракеттенип референдумду уюшкандыкта өткөрүүнү, мыйзамдардын сакталышын контролдоону камсыз кылсын, аны даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө коомчулукка системалуу түрдө маалымат берип турсун.

5-берене

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

http://kabar.kg/kyr/politics/full/77270