Рус Кырг Eng

Парламент Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү карап жатканда, түп тамырынан бери өзгөртүүлөр киргизилген жок – Дастан Бекешов

Парламент Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү карап жатканда, түп тамырынан бери өзгөртүүлөр киргизилген жок – Дастан Бекешов

Парламент Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү карап жатканда, түп тамырынан бери өзгөртүүлөр киргизилген жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине депутат Дастан Бекешов (КСДП) билдирди.
Анын айтымында, жогорку баалуулуктарга байланыштуу пункт преамбулага көчүрүлдү.

“Ошондой эле, Конституциялык палатаны өзүнчө орган кылдык. Дисциплинардык комиссия сотторду тандоо боюнча кеңешменин алдында иштейт. Кандайдыр бир түп тамырынан бери өзгөртүү болгон жок. Президенттин ыйгарым укуктарына тиишкен жокпуз. Анткени, акимдерди дайындоодо премьер-министрдин ыйгарым укуктары жаңыдан күчүнө кирди. Бул толуктоолор башынан эле киргизилип келе жатканына карабай Конституцияга киргизилип жаткан толуктоолорго эмнеге мынча каршы чыгып жатышкандарга түшүнбөй жатам. Айтмакчы, “Ата-Мекен” фракциясы эч кандай сунуш киргизген жок. Алар жөн эле каршы чыгышууда”,-деди Дастан Бекешов.

Ошондой эле, эл өкүлү референдум тууралуу мыйзам долбоору конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетте карала турганын кошумчалады.
“Эгер ал жакта каралса, андан кийин маселе дароо эле тармактык жыйында кароого жөнөтүлөт. Ал жактан дагы колдоого алынса, анда документ Президенттин кол коюусуна кетет”,-деди депутат.

http://kabar.kg/kyr/economics/full/77275