Рус Кырг Eng

Мамасалиева Гулгакы

Гульгакы Мамасалиева: “Силер кабыл алып жаткан мыйзамда, отчеттуулуктун формасы белгисиз органы тараптан иштетилип чыгат деп, корсотулуп жатат жана ал форма озуно эмнени камтыйт экенинин биз билбейбиз. Алдын ала ал мыйзамды окуп чыкканда, биз кимге жана кандай жардам көрсөтүп жатканыбызды жарыялаш керек экенбиз. Мен айтып кетет элем, биздин уюм этностук аз сандуу элдерге жардам көрсөтөт жана алар өзүнүн аты жөну же кандай бир аларга тийиштуу маалыматтар ачык болуусун каалабайт, ошол учун бизге жардам сурап келет. Ошондуктан кабыл алынып жаткан мыйзам менен каралган отчеттуулуктун формасын мен сактай албайм, жана ал отчеттуулук формасын сактабасам, кайрадан күч органдары тарабынан чакыруулар келе баштайт.”