«КР референдуму жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өтөт
11.10.16

Бүгүн, 10-октябрда «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө»
КРнын конституциялык мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өтөт.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.
Парламенттик угуу ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеӊештин Регламенти боюнча комитети тарабынан «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 115-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде өткөрүлөт.
Кыскача шилтеме: https://platforma.kg/ky/?p=4208