Рус Кырг Eng

Өкмөт башчы парламент спикери баштаган депутаттарга ыраазычылык билдирди

Өкмөт башчы парламент спикери баштаган депутаттарга ыраазычылык билдирди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогору Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков башында турган депутаттарга колдоо көрсөткөнү жана кызматташууга конструктивдүү мамиле кылганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Бул тууралуу бүгүн, 16-майда өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Өкмөт башчы спикерге жолдогон ыраазычылык катында Кыргызстанда бийликтин аткаруу жана мыйзам чыгаруу бутактарынын мамилеси өлкөдөгү кырдаалга жана мамлекеттик маанилүү чечимдерди кабыл алуу, аны жүзөгө ашырууга түздөн-түз таасирин тийгизип келерин белгилеген.

“Жогорку Кеңеш мурда ата мекендик экономикага кесепети тие турган саясий оюндардын ордосу болуп келгени эсибизде. Кээде өлкө бюджетине олуттуу кыйынчылыктарды жараткан популисттик чечимдер кабыл алынышы мүмкүн болчу. Фракциялык жыйындар партиялык кызыкчылыктарга жетишүү үчүн ачык түрдө опузалоого жеткени, ал эми эл өкүлдөрү өкмөттүн ишине гана эмес, жада калса, айрым ишканалардын операциялык ишмердүүлүгүнө кийлигише алат болчу. Мындай парламентти жаңылыштык менен күчтүү деп атагандардын пикири түшүнүксүз”, – деп жазылган.

Премьер-министри азыркы өкмөт менен парламенттин конструктивдүү мамилесинин жаралышында өзгөчө Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун жана көпчүлүк коалициянын лидери, парламенттик фракция жетекчилеринин салымы чоң экенин билдирген.

“Төрага өкмөттүн ишине баа берүүдө объективдүү жана калыс болууга аракет кылат. Дастан Жумабеков маанилүү делген маселелерди парламенттин башкы трибунасынан гана көтөрбөй, өкмөт башчы катары мага башка учурда да айтып турат. Бул албетте, төрага менен премьер-министрдин позициясы дал келет дегендик эмес. Бирок үзгүлтүксүз пикир алмашуу жана кээде кызуу талаш-тартыштар келип чыккан көйгөйлөрдү тез арада аныктоого жана аларды чечүүнүн сапаттуу чараларын иштеп чыгууга оң таасирин тийгизет деп ишенем”, – деп белгилеген Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр парламент мындан ары да COVID-19 вирусуна каршы күрөштө, кризистен чыгуу шартында мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн өкмөттүн демилгелерин колдоп берет деген ишенимин билдирген.

13-май күнү Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2019-жылкы аткарган иши тууралуу отчетун угуп, жактырган. 14-май күнү 2020-жылдын мамлекеттик бюджетти өзгөртүү маселеси каралып жаткан учурда, айрым депутаттар парламент төрагасы Дастан Жумабековдун дарегине сын айтып, аны “өкмөттүн адвокаты” деп айыпташкан.

Буга төраганын кээ бир депутаттарга “парламент жакпаса, силерди кармаган эч ким жок” деген сөзү негиз берген. Депутат Жанар Акаев спикер Жумабековдун ишмердүүлүгүн иликтөө үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү демилгесин көтөргөн.

Коомчулукта да парламент төрагасынын иши катуу сынга алынган учурлар бар.

https://www.azattyk.org/a/okmot-2020/30615809.html