КСДП фракциясынан депутат болуп келген Ирина Карамушкина парламентте ант берди
13.10.16

КСДП фракциясынан депутат болуп келген Ирина Карамушкина парламентте ант берди.
Ал өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп дайындалган Кыянбек Сатыбалдиевдин ордуна депутат болду.
5-октярь күнү өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Кыянбек Сатыбалдиев өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп дайындалган.
Ошондон улам бошоп калган орунга кийинки кезекте турган Карамушкина келди.
Эске сала кетсек, Карамушкина бешинчи чакырылышта да депутат болгон.
http://sputnik.kg/politics/20161012/1029695664/karamushkina-ant-berdi.html
Кыскача шилтеме: https://platforma.kg/ky/?p=4298