Рус Кырг Eng

2017-КР Президенттигине талапкер Ө.Ч. Текебаевдин Кыргызтест сынагын берүүсүнө карата «Жарандык  платформа» КФнун арызы

2017-КР Президенттигине талапкер Ө.Ч. Текебаевдин Кыргызтест сынагын берүүсүнө карата «Жарандык  платформа» КФнун арызы

«Жарандык платформа» КФду  КР Президенттигине талапкер Өмүрбек Текебаевге карата болгон кечээки окуяга байланыштуу өзүнүн тынчсыздануусун билдирет. Ө. Текебаевге ушул жылдын 26-июлунда мамлекеттик тил боюнча (Кыргызтест) сынакты берүүгө уруксат берилген жок.

Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Конституциясынын 26-беренесине ылайык, ар бир адам мыйзамда каралган тартипте күнөөлүү экени далилденмейинче жана соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргени аныкталмайынча кылмыш жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт.

Бүгүнкү күндө Өмүрбек Текебаевге карата Биринчимай райондук сотунда сот процесси жүрүп жатканы менен ага карата мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү чыга элек, ошондуктан биз Ө.Текебаевди шайлоо процессинин ушул процедурасына башка талапкерлер менен бирдей негизде катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады деп эсептейбиз.

БШК Ө.Текебаевге сотко жана Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссияга кайрылууну  сунуш кылуу менен жоопкерчиликти талапкердин өзүнө арта салып, ушул талапкердин солгун шайлоо укугун ишке ашыруу үчүн тийиштүү процедуралардан өтүү шарттарын камсыз кылуу маселесин чечпестен кыйгап өткөнү өзгөчө тынчсызданууну жаратат.

Ошондуктан, 2017-жылы 24-июлда Биринчимай райондук соту Ө.Текебаевге Мамлекеттик тил боюнча сынакка катышууга уруксат берүү боюнча жактоочунун өтүнүчүн четке какты.

Баардык түзүлгөн кырдаалдар КР Президенттигине талапкер болгон  Ө. Текебавге карата калыс эместикти көрсөтүп турат, бул болсо акырында Кыргызстандагы алдыдагы шайлоолордун тазалыгына жана айкындуулугуна терс таасирин берет.