Исаков отставкага кетмей болду. Парламент өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөттү
19.04.18

Жогорку Кеңеш өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөттү сунушун колдоду. Мындай чечим бүгүн, парламенттин жалпы жыйынында кабыл алынды.
Эскерте кетсек, «Ата Мекен», «Република — Ата-Журт» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары өкмөттүн 2017-жылга болгон отчётун канааттандырарлык эмес деп таап, ага ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун киргизген. Кийинчерээк, аталган маселе боюнча парламент төрагасына кат жолдошкон.
Сапар Исаковдун өкмөтүнө 101 депутат ишенбөөчүлүк көрсөтсө, 5 гана депутат каршы добуш берген.
Кыскача шилтеме: https://platforma.kg/ky/?p=8083