Рус Кырг Eng

Референдум менен жергиликтүү кеңештерге шайлоо бир күндө өтөт

Референдум менен жергиликтүү кеңештерге шайлоо бир күндө өтөт

Референдум менен жергиликтүү кеңештерге шайлоо бир күндө өтөт

Ноябрь айында Бишкек шаардык кеңешке жана 400дөй айылдык кеңештерге шайлоо өтөт. Жакында эле депутаттар Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн референдум өткөрүүнү сунушташты.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн референдум менен жергиликтүү кеңештерге шайлоону бир күндө өткөрүү пландалып жатканын КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, референдум Жогорку Кеңештин макулдугу менен өтөт.

Буга чейин КСДП, “Республика — Ата-Журт”, “Өнүгүү — Прогресс” жана “Кыргызстан” фракциялары Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүшкөн

Ошондой эле премьер-министрдин позициясын бекемдөө сунушталган. Ага ылайык, премьер жергиликтүү администрациянын башчыларын кызматка бекитип, андан алуу укугу каралган. Бүгүнкү күнү ал мындай иштерди жергиликтүү кеңештин сунушу менен ишке ашырат. Андан сырткары, премьерге өкмөт мүчөлөрүн кызматтан алуунун жөнөкөйлөтүлгөн ыкмасы берилет.

“Каражатты үнөмдөө үчүн референдум менен жергиликтүү кеңешке болгон шайлоо бир күндө өтөт”, — деди Өмүркулов.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы ноябрь айында Бишкек шаардык кеңешке жана 400дөн ашык айылдык кеңешке шайлоо боло турганын маалымдады. Так күнү белгилүү боло элек, ал август айынын аягында такталат.

http://sputnik.kg/Kyrgyzstan/20160801/1028311954.html