Рус Кырг Eng

Онлайн талкуу: 1-июль саат 12.00

29.06.22
Онлайн талкуу: 1-июль саат 12.00

“Жарандык платформа” коомдук фонду “Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жоопкерчилиги: макул же каршы” деген темада онлайн талкуу өткөрөт

2022-жылдын 2-мартында КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоо боюнча бирдиктүү порталдын сайтында КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КРнын Кылмыш-жаза кодекси жана КРнын Жазык-процесстик кодекси) сунушун киргизген.
Мыйзам долбоору КРнын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген жана бул мыйзамдын түз иштеп чыгуучусу катары Юстиция министрлиги болуп саналат

Мыйзам долбоорунун негизги максаты жана милдети Кодекске төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен КРнын мамлекеттик кызматкерлерди коргоо механизмин түзүү болуп саналат:
• Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана алардын орун басарларынын кызматтык милдеттерин аткаруу процессинде жасаган аракети же аракетсиздиги кылмыш болуп саналбайт.
• Министрлер Кабинетинин мүчөсү өзүнө жүктөлгөн мамлекеттик органдын ишин уюштурганы жана ага жүктөлгөн ыйгарым укуктардын аткарылышын камсыз кылгандыгы үчүн, кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды аткарууда кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Ушул эле беренеде мамлекеттик кызматкер, өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаргандыгы үчүн жоопкерчиликке тартпоо сунушталат.

Баяндамачылар жана талкууга катышуучулар:
• Мыйзам долбоорунун демилгечилери;
• Мамлекеттик органдар;
• Жарандык коомдун мүчөлөрү.

Онлайн талкуу 2022-жылдын 1-июлунда саат 12:00дө ZOOM платформасында өтөт, ал “Жарандык платформа” коомдук фондунун жана kaktus.kyrgyz фейсбук баракчасында түз эфирде көрсөтүлөт.