Рус Кырг Eng

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда кастык тилин колдонбоо боюнча саясий партияларга жана талапкерлерге кайрылуу

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда кастык тилин колдонбоо боюнча саясий партияларга жана талапкерлерге кайрылуу

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда кастык тилин колдонбоо жана толеранттуулук  тилин жайылтуу боюнча саясий партияларга жана талапкерлерге кайрылуу

 

17-мартта Кыргызстанда Демократия үчүн Вестминстер фонду (WFD) “Жарандык Платформа” Коомдук Фонду менен биргеликте Европа Биримдиги тарабынан каржыланган Медиа Диалог долбоорунун алкагында, жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында кастык тилин колдонбоо жана алдын алуу темасында кампаниясын баштады. Жаштар топтору менен онлайн режиминде болгон талкуу учурунда, жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда кастык тилин колдонбоо жана толеранттуу сүйлөөнү жайылтуу максатында саясий партияларга жана талапкерлерге кайрылуу иштелип чыкты.

ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУ

2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештерге шайлоо

Жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо талапкерлерге!

Биз, “Таза шайлоо үчүн” коомдук уюмдардын тармагынын активдүү жаштары, 2021-жылдын 23-24-мартында консультативдик  жолугушууга чогулуп, жынысы, дини же ынанымдары, расасы, этностук таандыктыгы, улуту же башка кандай болбосун иденттүүлүк белгилери боюнча басмырлоодон жана жалган көз караштан эркин коом үчүн экендигибизди билдирип, жамааттык билдирүү жасайбыз.

Биз шайлоо өнөктүгүн уюштурууда жана өткөрүүдө партиялардын/талапкерлердин катышуусунун маанилүүлүгүн аңдап түшүнөбүз, муну менен өз ара урматтоого, теңдикке жана ар бир адамдын кадыр-баркына негизденген жагымдуу жана тынчтык атмосферанын түзүлүшүнө өбөлгө болот.

Биз талапкерлерден алардын аракеттери жана билдирүүлөрү адам укугун коргоону, өзгөчө пикир билдирүүлөрдүн эркиндигин жана басмырлоодон коргоону жана шайлоодо башка атаандаштарга карата кастык тилинде айтуулардан карманууну колдоого багытталгандыгына  ынанууну суранабыз.

Таза жана калыс шайлоого жетишүүдө биз, жаштар талапкерлер төмөнкү принциптерге таянышын каалар элек:

  • стабилдүү жана тынч шайлоо чөйрөсүн колдоону шарттаган бүткүл шайлоо процессинин жүрүшүндө саясий партиялардын мүчөлөрүнө же өкүлдөрүнө, талапкерлерге жана шайлоочуларга карата сабырдуулук көрсөтүү жана жыныс белгиси, дин тутуусу же ынанымдары, расасы, этностук таандыктыгы, улуту, курагы же  башка иденттүүлүгүнүн белгиси боюнча кодулоодон жана тескери ойдон оолак болуу;
  • бүткүл шайлоо процессинин жүрүшүндө талапкерлерди, партиялардын мүчөлөрүн, саясий партиялардын өкүлдөрүн же тарапташтарын, талапкерлерди же шайлоочуларды шыкактабоо, кандай түрдө болбосун коркутууга көмөктөшпөө же өбөлгө түзбөө;
  • чыр-чатактарды козутууну болтурбоо боюнча шарттарды түзүү, ошондой эле медиа жана социалдык ресурстарда «касташуу жана жек көрүү тилин» колдонбоо;
  • бүткүл шайлоо процессинин жүрүшүндө оппоненттерге карата жалган же дискредитация кылган айыптоолорду же атайылап негизсиз билдирүүлөрдү жарыялабоо;
  • саясий партиянын/талапкердин күчүн көрсөтүү же өзүнүн артыкчылыгын далилдөө максатында оппоненттерге карата күч же психологиялык зомбулукту, басмырлоону жана касташууну камтыган аракеттерден кармануу жана өзүнүн да, ошондой эле атаандаш да саясий партиялардын талапкерлеринин этностук, региондук, гендердик, тилдик жана башка иденттүүлүгүнө көңүл буруудан оолак болуу;
  • саясий партиялардын же талапкерлердин постерлерин, плакаттарын, жарнама щиттерин же башка кандай болбосун шайлоо материалдарын бузууга же жок кылууга көмөк көрсөтпөө;
  • шайлоодо бардык атаандаштар жана шайлоочулар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу үчүн теңдештикке жана интеграцияланууга көмөк көрсөтүү, мында мүчөлөр «агрессивдүү эмес» үгүттөө саясатын карманышы керек;
  • социалдык тармактардагы өз баракчаларында этикалык эрежелерди белгилөө, пикир келишпестиктерди жана кемсинтүүнү тутандырган комментарийлерге тыюу салуу, кыйла позитивдүү маалыматты берүү жана троллдорду жана жалган аккаунттарды пайдалануудан оолак болуу.

Талапкерлерге кайрылуу