Рус Кырг Eng

Таласта КРнын Конституциясына өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланууда

Таласта КРнын Конституциясына өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланууда

Бүгүн, 14-ноябрда Талас облусунда Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланып жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Жыйынга Талас облусунун жетекчисинин биринчи орун басары Чолпон Төрөкулов, серепчи Бакыт Бакетаев, облустук, райондук мекеме-уюмдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышууда.
«Үстүбүздөгү жылдын декабрь айында өтүүчү референдум — өлкө бийлиги тарабынан сунушталган туура чечим. Себеби өзгөртүлүп жаткан баш мыйзамда биздин өлкөнүн башкаруу формасы бир топ жоопкерчиликтүү болот. Мисалга алсак, премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңеет. Башкача айтканда өкмөт башчы министрлерди өзү шайлап, кемчилик кетирсе кызматтан алуу укугуна ээ болот», – деди серепчи Бакыт Бакетаев.
Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар серепчиден тийиштүү суроолоруна жооп алышты.
http://www.turmush.kg/news:314695