Рус Кырг Eng

Шайлоо: Ош милициясы мыйзам бузуу боюнча кайрылууга далил таба алган жок

Шайлоо: Ош милициясы мыйзам бузуу боюнча кайрылууга далил таба алган жок

Ош шаардык милициясы “Азаттыктын” кабарчыларынын административдик ресурс боюнча жазган кайрылуусуна далил таба алган жок. Мындан улам тергөөчү ишти кыскарткан.

Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын улук тергөөчүсү Сүйүн Канаев 23-июнда кат түрүндө жооп берди.

21-июнь күнү “Азаттыктын” кабарчыларына “Ата Журт – Кыргызстан” партиясынан Ош шаардык кеңешке талапкер Алтынбек Зайнидинов чайканада бир нече үй башчылар менен кварталдык комитеттерди топтоп, чай бергени жөнүндө маалымат келген.

Журналисттер аталган дарекке барган учурда бир нече киши дасторкондо отурганына күбө болгон. Бирок ал жердегилер журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартышкан.

Бул тууралуу АШКнын ыкчам чара көрүү тобуна жана милицияга билдирүү жөнөтүлгөн. Борбордук шайлоо комиссиясы расмий сайтына окуя иликтенерин жазган.

Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого катышуу үчүн тогуз партия – “Ынтымак”, “Улуу Журт”, “Бир Бол”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата-Журт – Кыргызстан”, “Улуттар Биримдиги”, “Келечек-Будущее”, “Нур” жана “Биздин Кыргызстан” документтерин тапшырган.

Быйыл 11-апрелде Кыргызстандын бир катар шаардык жана айылдык кеңештерине шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс чырынан улам Бишкек, Ош, Токмок шаарларындагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

https://www.azattyk.org/a/31323979.html